Жаркырактык
Көрүнүш
(«Жаркырактык (L )» барагынан багытталды)
Жаркырактык (L ) – беттен таралып чыгуучу жарык агымынын бет-мейкиндиктеги тыгыздыгы. Ал жарык агымы dO менен геометриялык фактордун dWdAcosq катышына барабар: L=dO/ dWdAcos, мында dW нерселик бурч, dA жарыкты чыгаруучу же кабыл алуучу беттин бөлүкчөсү, q ушул бетке тургузулган перпендикуляр менен жарыктын таралуу багытынын ортосундагы бурч. Жаркырактыктын бирдиги — кд/м2. Бардык жарык бирдиктеринин ичинен жаркырактык көрүү сезими менен тикеден-тике байланышкан. Анткени көздүн торчосундагы сүрөттөлүштүн жарыктанышы буюмдун жаркырактыгына пропорциялаш болот. Энергиялык жаркырактык Вт ■ ср 1 ■ м 2 чоңдугу менен өлчөнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5