Жашылча
Жашылча — айдалма өсүмдүктөрдүн тамак-аш катары колдонулуучу бөлүгү. Жашылчалар биологиялык өзгөчөлүгү боюнча төмөнкү топторго бөлүнөт:
- Түймөктүү/клубендүү (картофель, топинамбур, батат)
- Тамырдуу (сабиз, кызылча, сельдерей, хрен)
- Пияз түптүүлөр (жашыл пияз, порей пиязы, батун –пиязы, сарымсак )
- Капусталуу (ак кочандуу, кызыл кочандуу, брюссель, кольраби, савой, брокколи)
- Салат-шпинаттар (салат, шпинат, щавель)
- Десерттик (спаржа, артишок, ревень)
- Татымал жашылчалар (укроп, эстрагон, базилик, майоран)
Мөмөлүү жашылчалар:
- Ашкабактуулар: (бадыраң, ашкабак, кабачки, патисондор, арбуз, коон)
- Томаттар (томат, баклажан, калемпир)
- Чанактуулар (буурчак, фасоль, бобы, соя)
- Дандуулар (кант жүгөрүсү)
Чоң кишинин тамактануу рационунунда суткасына 600 гр дан кем эмес жашылча болушу керек. Курамы жана аш болумдуулугу жашылчанын түрүнө, өстүрүү шартына жараша болот. Жашылчаларда белок менен май жаныбарлардан алынган тамак-ашка караганда аз болот. Алар углевод, клетчатка, витамин, органикалык кислота, минерал заттарга, тамак-аш булаларына бай болгондуктан тамак-аш катары баалуу. Кишинин тамакка табитти жакшырып, тамак сиңирүү безинин секрет иштеп чыгуусун күчөтөт. Жашылчаны көпкө бышыруу, туура эмес сактоо (жылуу, күн тийген жерде) андагы витаминдин азайышына алып келет. Жашылчада суу көп болгондуктан (90—95%) тез бузулат. Ошондуктан узак убакыт сактоо үчүн жашылчаны туздайт, кургатат, консервалайт, тоңдурат. Мындай жолдор менен жашылчаларды сактоодо деле алардагы витаминдер азаят. Булардын ичинен туздоо, тез тоңдуруу, кургатууда витаминдер көбүрөөк сакталат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1