Жаңы Орлеан

Википедия дан
Жаңы орлеан‎»‎ барагынан багытталды)
Жаңы Орлеан.

Жаңы ОрлеанАКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн тдан ашык жүк ташылат). Луизиана штатында. Калкы 484 миң (1994, шаар айланасы менен 1,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы жана соода борбору. Нефть ажыратуу, химилык, тамак-аш, машина куруу, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде искусство, Луизиана штатынын) бар.

Шаар 1718-ж. француздар тарабынан негизделген. 1764–1800-ж. Испаниянын ээлиги. 1800-ж. фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-кылымдын курулуштары («француз кварталдары») сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1