Жумуру курт

Википедия дан
Жумуру курттар‎»‎ барагынан багытталды)

Жумуру курттар (лат. Nematoda) – алгачкы көңдөйлүү курттардын классы. Алгачкы карбон мезгилинен белгилүү. Денеси ар кандай узундукта (0,5 мм-8 м), сегменттерге бөлүнбөйт, туурасынан кескенде тегерек, жумуру. Денеси тери булчуң кабы менен капталган. Азык сиңирүү системасы үч бөлүктөн турган ичеги түтүкчөсү арткы тешик менен аяктайт. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридий же түрүн өзгөрткөн тер бездери түрүндө болот. Айрым жыныстуу. Эркеги ургаачысынан кичирээк жана денесинин арткы бөлүгү ийилип турат. Денесинин алдыңкы бөлүгүнөн орун алган нерв түйүндөрү жана алардан узатасынан кеткен нерв талчалары бар. Дем алуу жана кан айлануу системалары жок.

Сезүү органдары начар өрчүгөн. Ургаачысынын жыныс системасы жуп түтүк сымал жумуртка безинен, жумуртка өткөрүүчү түтүк жана жатындан; эркегинин жыныс системасы бир урук бези, урук чыгаруучу түтүк жана урук чачуучу каналдан турат. Жумуртка таштайт, айрымдары тирүү тууйт. Эркин жашоочулары туздуу, тузсуз сууда жана көлмөдө, топуракта кездешет. Бактерия, балырлар, детриттер менен азыктанат. 20 миңге жакын түрү белгилүү. Мите түрлөрү жаныбарлар менен өсүмдүктө, адам организминде мителик кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]