Жыландытоо тоосу
Көрүнүш
(«Жыланды, тоо» барагынан багытталды)
Жыландытоо тоосу – Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Чөгөм жана Кичи Алай (Акбууранын сол куймалары) сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 4300–4400 м, эң бийик жери 4600 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, түштүк капталы кыска жана тик, түндүгү жантайыңкыраак, майда кокту-колоттор бар. Карбондун кумдук, сланец, алевролит, акиташтуу конгломерат, гравелит жана башкалар тектерден турат. Шалбаалуу талаа (2800 мге чейин), бадалдуу токой (арча; 2900–3100 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3100–3400 м) ландшафттары, ошондой эле бийик тоолуу субнивалдык жылаңач чөл да мүнөздүү. Жайыт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine – Бишкек, 2004. - ISBN 9967-14-006-2.