Жүндүбаева, Нинакан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Жүндүбаева Нинакан

Жүндүбаева Нинакан (1917–2003) - акын.
Нинакан Жүндүбаева 1917-жылы Кочкор районунун Үкөк айылында туулган. Райондогу Кара-Коо мектебинин жетинчи классын бүтүп, ошол эле мектептин башталгыч класстарында мугалим болуп иштеген. Караколдогу мугалимдерди кайра даярдоочу алты айлык курсту бүтүп, жогорку класстарына тил жана адабияттан мугалим болуп,
1940-жылдын январынан Жумгал райондук Кайырма орто мектебинде сентябрь айына чейин мугалим болгон.
1941-жылга чейин комсомолдун Жумгал райондук комитетинин биринчи катчысы, ошондон үзгүлтүксүз 20 жыл партиялык, советтик жооптуу кызматтарда–райкомдун катчысы, райаткомдун төрагасы, обкомдун, облаткомдун бөлүм башчысы,
1955–1965-жж. Нарындагы «Тянь-Шань правдасы» гезитинде айыл чарба бөлүмүн жетектеп, Нарын облустук драма театрында директор,
1965–1971-жж. Кочкор райондук маданият бөлүмүнүн начальниги,
1971–1976-жж. Кыргыз Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий нускоочу,
1976–1980 жж. ошол эле райондун «Эмгек-Туусу» гезитинин редакторунун орунбасары болгон.

Чыгармачылык ишмердиги 1957-жылы башталып, ырлар жыйнактары китеп болуп жарыкка чыгып, пьесаларынын көпчүлүгү театрларда коюлду. 60тан ашуун ырларына обон жазылып, музыканын алтын фондусуна алынган. 1980-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болгон. 1995-жылы «Кыз Сайкалдын арманы» пьесасы республикалык жаштар театрында коюлган, о.э. «Гүлнар», «Акыйкат алдатпайт», «Өмүр белеги», «Кыз Сайкал арманы», «Ажал менен акыйкат», «Бир үйдө», «Махабат кусуру», «Амал түгөнүп абийир кеткенде», «Талаа станында», «Чалкып жаткан мухит» аттуу пьесалардын автору.

Н.Жүндүбаева «Ардак белгиси ордени», «Эмгек каарманы» Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына «Каарман эмгеги үчүн», Жеңиштин 10, 20, 30, 40, 50 жылдык медалдары менен, Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен алты жолу сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Эл акыны (1964), «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» (1977), «СССР маданиятынын отличниги» (1967) наамдарына татыктуу болгон.
Маданият министрлигинин көп жолку Ардак грамоталары менен сыйланган.
Кыргызстан ЛКЖС БКнын мүчөсү (1940-1944), Кыргызстан КП Кочкор райкомунун мүчөсү (1946–1950), Нарын обкомунун мүчөсү (1945–1948), Нарын облустук советинин элдик депутаты болуп (1956–1963) шайланган.
Акындын ырлары түркмөн, тажик, эстон, белорус, хакас, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган.
Акындын аты Кочкор районундагы мурдагы Кара-Коо орто мектебине ыйгарылган.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Алгачкы жаңырык: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 76 б.
  • Узатуу: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 27 б.
  • Ишенем: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 32 б.
  • Өнөр: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 16 6.
  • Бөбөктөр дүйнөсүнөн: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 14 б.
  • Эне тилеги: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 148 б.
  • Таңдагы гүлдөр: Ырлар, поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 59 б.
  • Ата журт күүлөрү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 68 б.
  • Менин сиңдим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп. 1977. – 48 б.
  • Менин каармандарым: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1981. – 96 б.
  • Үмүтүм түгөнбөйт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 132 б.
  • Кең дүйнө: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 120 б.
  • Чынар терек: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 136 б.
  • Өмүр жемиши: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Адабият, 1992. – 173 б.
  • Эне дүйнөсү: Ырлар жана поэма. – Б.: Изат, 1994. – 174 б.
  • Кызыл өрүк: Ырлар, поэмалар. – Б.: Шам, 2000. – 237 б.

Орус тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Я горянка: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 79 с.
  • Красные маки: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 75 с.
  • Правда века: Стихи и поэма. – Ф.: Адабият, 1990. – 67 с.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]