Топ (курал-жарак)

Википедия дан
Замбирек‎»‎ барагынан багытталды)

Топ - жердеги, деңиздеги, көктөгү жана алыс аралыктагы душман күчүн жок кылууга арналган артиллериялык курал. Топтун найы узун, огунун ылдамдыгы жогору. Аскер артиллериясында топ жалпы жана атайын, арналышына карата зениттик, танкка каршы, жүрүү ыкмасы жана түзүлүшү боюнча сүйрөтүлүүчү, өзү жүрүүчү, орнотулма (танкка, учакка, кемеге) жана башка болуп бөлүнөт. Согуш куралдарынын башка түрүнөн (гаубица, миномёт) айырмаланып, топ 40 км жана андан да алыска атат. Огунун баштапкы ылдамдыгы 800-1200 м/секга чейин жетет. Заманбап топтун калибри 20210 мм, огунун салмагы 0,1-130 кг, түз атуу ылдамдыгы 2000 метрге чейин. Топтун (75210 мм) эң чоң атуу алыстыгы 13-33 км жана андан да ашык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]