Аңдар бакчасы

Википедия дан
Зоологиялык парк‎»‎ барагынан багытталды)

Аң бакчасы, аңдарды изилдөө, элге көрсөтүү жана төлдөтүү үчүн атайын капаста (мисалы, тордо) же эркин багуучу илимий агартуу мекемеси. Аң бакчасы кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл аң багылат. Аң бакчасы аң дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү менен бирге, табият илимин жайылтуу жана аңдарды коргоо боюнча үгүт, тарбия иштерин жүргүзөт. Ошондой эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан аңдардын тукумун сактоо чараларын көрөт. Аң бакчасында аңдардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкмалары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, байырлаштыруу ж. б. боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Окуучулар, студенттер менен окуу тажрыйба иштери өткөрүлөт. Б. з. ч. Байыркы Египетте, Кытайда аң бакчасы болгон. Европада алгачкы аң бакчасы Венада (1752), Мадридде (1770), андан кийин Москөөдө (1864), Петербургда (1865) уюшулган. Дүйнөдө 800дөн ашык аң бакчасы бар. Эң ири аң бакча Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстердамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы тирүү аңдар. Аң бакчасы аңдардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]