Ишекеев, Назаркул

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Назаркул Ишекеев (1955) – кыргыздын заманбап педагог, тилчи жана адабиятчы окумуштуусу. Педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча мурдагы проректору, профессор. 2017-жылдын 5-январынан тарта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Назаркул Ишекеев 1955-жылы 18-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө туулган (Кум-Дөбө айылы мурдагы Төрт-Күл айылы урдагы Кочкор-Ата совхозуна караштуу болгон). Улуту - кыргыз. Бабалары сарыбагыш уруусунун черикчи уругуна кирген.

1971-жылы өз айылында Ленин атындагы орто мектепти аяктаган.

1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.

1976-77-ж. мектептин мугалими жана Республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын адабий кызматкери.

1977-79-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу.

1979-82-ж. күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.

1984-ж. педагогика илимдеринин кандидаты. Темасы: «Кыргызстандагы жалпы орто мектептерде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын окутуунун методикасы» («Методика изучения прозаических произведений киргизских писателей в общеобразовательных школах республики»).

1993-ж. доцент наамын алды.

1994-ж. педагогика илимдеринин доктору болду. Темасы: “Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы таптагы көйгөйлүү маселелери” («История изучения кыргызской литерату в школах республики и ее актуальные проблемы на современном этапе»).

1996-ж. профессор наамын алган.

1995-2007-ж. Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы, ошол эле мезгилде кафедра башчысы (1998-2000).

1996-98-ж. Улуттук аттестациялык комиссиянын педагогика илимдери боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү.

1996-2012-жылдарда докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештердин мүчөсү (Кыргызстан жана Казакстан).

2008-2011-жылдары улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы.

2011- жылдын сентябрынан баштап Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору.
2017-жылдын 5-январынан тарта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп келет.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү, үч балалуу (эки кыз, бир уулу бар). Жубайы - Светлана Топчиевна Батаканова. Ал дагы педагогика илимдеринин доктору.
Кыздары - Гүлзада, Нурзада жана уулу Элмурас.

Өзү он бир туугандын бешинчиси. Назаркулдун инилеринин бири - белгилүү кыргыз тарыхчы окумуштуусу Темиркул Асанов.

Илимий ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

1984-жылы жактаган илимдин кандидаты диссертациясынын темасы: «Кыргызстандагы жалпы орто мектептерде кыргыз жазуучуларынын прозалык чыгармаларын окутуунун методикасы».

1994-жылы жактаган педагогика илимдеринин доктору даражасы боюнча диссертациясынын темасы: “Кыргызстандын мектептеринде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхы жана анын азыркы таптагы көйгөйлүү маселелери”.

2010-ж. «Кыргыз тили жана адабияты» Республикалык илимий-усулдук журналдын башкы редактору.

Илимдин төрт докторун, ондон ашык кандидатын даярдаган.
200гө жакын илимий эмгектерди жарыялаган. Анын ичинде монографиялар, ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары бар. Кыргыз адабияты боюнча орто мектептин VI жана XI класстарынын окуу китептеринин авторлорунун бири.

Коомдук жана журналисттик ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

2007-2011-ж. КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү.

2008- 2010-ж. КРнын Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими менен Улуттук телекөрсөтүү, радио уктуруу корпорациясын көзөмөлдөөчү кеңештин мүчөсү.

Кыргыз тил коомунун президиумунун мүчөсү.

Билим берүү жана илим министрлигиндеги республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тил жана адабият секциясынын башчысы.

2017-жылдын 5-январынан тарта Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган[1].


Ал изилдеген негизги илимий көйгөйлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Көркөм чыгармаларды орто мектептерде окутуунун мазмуну жана формалары; мектептерде адабиятты окутуунун тарыхы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен инновациялык технологиялары ж.б.

Негизги илимий–методикалык эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде прозалык чыгармаларды окутуунун айрым маселелери боюнча методикалык колдонмо. - Фрунзе, 1987.
  • Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде прозалык чыгармаларды окутуунун кээ бир маселелери. - Фрунзе, 1989.
  • Мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхынан. - Фрунзе, 1991.
  • Кыргыз адабиятын мектептерде о кутуунун тарыхы. - Бишкек, 1994.
  • Мектептерде прозалык чыгармаларды окутуу. - Бишкек, 1997.
  • Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары. -Бишкек, 2010.
  • Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткүнү, бүгүнкүсү жана келечеги. - Бишкек, 2011.

Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

1993-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги.

1997-ж. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги.

1999-ж. Жусуп Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты

2005-ж. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.

Проф.Н.Ишекеевдин илимий кеңешчилиги менен корголгон диссертациялар[оңдоо | булагын оңдоо]

Илимдин доктору наамы үчүн жазылган диссертациялар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ахметова Нурлан Алымкуловна. «Теория и практика модульно-рейтинговой технологии обучения в вузе». - Бишкек, 2002.
  • Исамидинов Искендер Чоңмурунович. «Кыргыз орто мектептеринде адабият теориясын окутуу». - Бишкек, 2005.
  • Сакиева Саипжамал. «Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери». - Бишкек, 2010.
  • Момуналиев Сатканбай. «Кыргыз орто мектептеринде лириканы окутуунун психологиялык-педагогикалык жана методикалык технологиялары». - Бишкек, 2011.

Кандидаттык диссертациялар:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Уразова Жамыйла Таштемировна. «Элдик оозеки чыгармалардын сюжеттеринин негизинде жазылган драмаларды окутуунун илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2000.
  • Кенжешев Каныбек Дүйшөналиевич. «Жогорку класстарда 20-жылдардагы кыргыз профессионал жазма адабиятын окутуу». - Бишкек, 2001.
  • Шаимкулов Олжобай Акматович. «Адабияттык окуу курсунда повесть жанрын окутуунун методикасы». - Бишкек, 2004.
  • Жапаралиева Назира Жакыповна. «Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуу процессинде окуучулардын адабий билимин өркүндөтүүнүн методикасы». - Бишкек, 2006.
  • Эшиев Жаркул Абдимиталипович. «Мектептерде поэмаларды окутуунун илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2007.
  • Абдырасулова Элмира Кырмаевна. «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын 5-7 класстарда окутуунун илимий-методикалык негиздери». – Бишкек, 2007.
  • Аман кызы Бакыткүл. «Мектепте адабиятты окутууда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн илимий-методикалык негиздери». - Бишкек, 2008.
  • Ибраева Мира Эсенбековна. «Жогорку класстарда романдарды окутуунун методикасы». - Бишкек, 2009.
  • Абдымомунова Гүльжамыш Асековна. «Манас» эпосунун негизинде жаштарды атуулдукка тарбиялоо». - Бишкек, 2009.
  • Тешебаев Манас. «Кыргыз адабиятын интеграциялап окутуунун илимий-методикалык негиздери (5-7-кл)». -Бишкек, 2010.
  • Абдыкадырова Мая Байсаловна. «Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде эл акындарынын чыгармаларын окутуу (5-8-класстар)». - Бишкек, 2012.

Ал расмий оппонент болгон кыргыз жана казак окумуштуулары:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Култаева Үмүт Баймуратовна. «Кыргыз адабияты сабагында жогорку класстын окуучуларынын билимин тереңдетүү үчүн предмет аралык байланышты пайдалануу». - Ташкент, 1989.
  • Жумажанова Токен Конысбаевна. «Научно-методические основы внеклассной работы по казахской литературе». - Алматы, 1996. Докторлук диссертация.
  • Рысбаев Сулайман Казыбаевич. «Кыргыз башталгыч мектептеринде адабиятты окутууну этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү». – Бишкек, 2006. Докторлук диссертация.
  • Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич. «Көркөм адабий тексттердеги элдик педагогикалык ойлор жана аларды окутуу процессинде интерпритациялоонун илимий-методикалык негиздери (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын мисалында)». - Бишкек, 2010. Докторлук диссертация.
  • Абжаков Талгатбек Дуйсенбекович. «Особенности изучения казахской литературы в русскоязычных школах (10-11кл)». - Алматы, 2001.
  • Молдахметова Зулкия Нурушкызы. «Изучение казахского фольклора в 5-7 классах школ с русским языком обучения». - Алматы, 2002.
  • Мухтарова Энипа. «Орто мектепте чыгарма жаздыруунун методикасы». - Алматы, 2002.
  • Жумакаева Береке Даулетханкызы. «Методика изучения произведений Атай Кунанбаева в 5-8 классах школ с казахским языком обучения». - Алматы, 2003.
  • Аңсабаев Дуйсен Сандыбайулы. «Изучение лирических произведений в 5-9 классах средней школы». - Алматы, 2003.
  • Демеуова Фарида Гановна. «Методика изучения литературного творчества С.Сейфуллина в школах с русским языком обучения». - Алматы, 2003.
  • Каламбаева Гүлжан Алибековна. «Изучение поэзии жырау в школах с русским языком обучения (8-класс)». - Алматы,2005.
  • Мустафина Майгүл Эдилбеккызы. «Научно-методические основы обучения айтыса в школе». - Алматы, 2005.
  • Бараш Рыскул Байдылдакызы. «Обучение драматических произведений».- Алматы, 2006.
  • Копбаева Зейнегүл Жанабеккызы. «Орус мектебинде казак адабиятын окутуунун методикасы (5-класс)». - Алматы, 2004.
  • Кунекова Турсын Мырзабековна. «Формирование читательского интереса к произведениям казахской литературы в школах с русским языком обучения. (10-11 классы)». - Алматы, 2006.
  • Сманов Бактияр Урисбайуулу. «Мектепте көркөм чыгарманы талдоонун илимий-методикалык негиздери». - Алматы, 2010. Докторлук диссертация. Бир жолку коргоого мүчө.
  • Медеубаева Кенжехан Турапбековна. «Ортомектепте С. Торайгыровдун чыгармаларын окутуунун методикасы». - Алматы, 2010.
  • Тлебалдина Нургүль Казанбаевна. «Жусупбек Аймауытовдун чыгармаларын орто мектепте окутуу маселелери». - Алматы, 2010.

Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Айтматов академиясынын академиктери / Түзүүчү: филология илим. канд. Дилдебек Андашев; жооптуу ред. Четин Жумагулов. – Бишкек: “Кыргыз энциклопедиясы” Башкы ред., 2011. – 104 бет. – ISBN 978-9967-14-087-5.

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. http://sputnik.kg/reference/20170105/1031123175/nazarkul-ishekeev-omur-bayany.html