Катастрофалар теориясы

Википедия дан
КАТАСТРОФАЛАР ТЕОРИЯСЫ‎»‎ барагынан багытталды)

Катастрофалар теориясы (гр. katastrophe – бурулуш, төңкөрүш, талкалануу) – Жердин геологиялык тарыхын узакка созулган тынч абал ж-а мындай тынч абалдардын кыска мөөнөттүн ичинде планетанын түспөлүн кескин өзгөртүп жиберүүчү катастрофанын алмашып туруусу катары караган антиэволюциялык илим.

19-к-дын 1-жарымында пайда болгон. Аны жактоочулардын (Ж. Кювье, А. д“ Орбинңи, Л. Агассис, А. Сэжвик ж. б.) ою б-ча, көптөн бери тынч жаткан жердин катмарлары кокус-тан болгон, өзгөчө күчтүү, катастрофалык кубулуштардын натыйжасында катуу кыймылга келип, жаңы тоо, деңиздер пайда болот, дүйнө жүзүндөгү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр бүт кырылат да, ээн калган жерге мурункулар менен байланышпаган организмдин жаңы түрлөрү жаралып турат. Кайрадан катастрофа болмоюнча алар анчейин өзгөрүүгө учурушпайт. Мындай катастрофалар Жердин геологиялык тарыхында 27 жолу болгон деп эсептешкен. Илимдин өнүгүшү м-н катастрофалар теориясынын жалган экендиги аныкталды. Бирок, катастрофалар теориясы өз убагында биостратификациянын, о. эле организмдердин эволюциялык ж-а секирмелүү өөрчүп-өнүгүшү жөнүндөгү окуунун калыптанышына оң таасирин тийгизген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8