Калий жер семирткичтери

Википедия дан
Калий жер семирткичтери —‎»‎ барагынан багытталды)

Калий жер семирткичтериөсүмдүктүн азыктанышына, өсүп-өнүгүшүнө керектелүүчү калийлүү минерал. Калий азот жана фосфор сыяктуу эле өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүгүшүндө негизги орунду ээлеген микроэлементтердин бири. Эң жөнөкөй жана арзан жер семирткич болуп эсептелет. Өсүмдүктү күйгүзгөндөн калган күлүн калий жер семирткичтери катары пайдаланса болот. Өсүмдүктүн түрүнө жараша калий ар кандай санда болот, мис., күн караманын күлүндө 30—40%, кара буудай саманынын күлүндө 20% жана башка Өсүмдүктү кошумча азыктандыруу үчүн пайдаланылат калий жер семирткичтери калий туздары бар тоо тектеринен алынат. Калий жер семирткичтери чийки калий тузу жана концентрацияланган калий тузуна бөлүнөт. Концентрацияланган калий жер семирткичтерине хлордуу калий, калий күкүрт кычкылы, 30—40%түү калий туздары, калимагнезия, шакар, күл кирет. Булар негизинен өнөр жайлык жол менен алынат. Чийки калий тузу табигый калий тузун майдалоо жолу менен алынат. Чийки калий туздарынан сильвинит, каинит, карналлит, лангбейнит, полигалит мааниге ээ. Хлордуу калийдин (КС1) — курамында 56—69% калий бар, ал негизги калий жер семирткичтери. Анда сильвинитке караганда хлор 4—5 эсе аз болуп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнө ар кандай топуракта пайдаланса болот. Хлордуу калий (40%түү калий тузу) майда майдаланган сильвинит же каинит менен аралаштыруу жолу аркылуу алынат. Аны топуракка күзүндө себүү талап кылынат. Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө берилсе, анын сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Калий сульфатын — K2SO4 (46% калий) бардык топуракта пайдаланса болот. Бирок хлорду көп талап кылбаган өсүмдүктөргө (тамеки, жүзүм, картөшкө жана башка) кылдат пайдалануу керек. Калий жер семирткичтери картөшкө, беде жана башка сыяктуу өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]