Камбар ата

Википедия дан
Камбар Ата‎»‎ барагынан багытталды)

Камбар ата — жылкынын пири, жылкынын колдоочусу. Бул уламыштагы сөздүн келип чыгышы төмөндөгүдөй. Камбар (арабча - Гамбар) Азирети Алинин жоого минген атын баккан, таптаган адам болгон. Анын аты Дулдул экендиги айтылат. Камбар домбура ойноп, комуз черткен имиш. Мисалы, түркмөндөр Камбарды музыканын да, жылкынын да пири деп аташары маалым. Ал эми кыргызда «күүнүн башы Камбаркан» деп аташканы бекер жеринен чыкпастыр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]