Кан

Википедия дан
Кан (анатомия)‎»‎ барагынан багытталды)
солдон оңго эритроцит, тромбоцит жана лейкоцит фотосүрөт сканерленген электрондук микраскоптон

Канорганизмдеги суюк ткань. Ал кан тамырлар менен тынымсыз жылып, бардык орган жана тканды аралап өтүп, аларды бири-бири менен байланыштырып турат. Кандын кызматы көп түрдүү. Ал кычкылтекти өпкөдөн тканга (дем алдыруу функциясы); азык затты сиңирүүчү жерге (азыктандыруу функциясы); зат алмашуу процессинин керексиз продуктусун бөлүп чыгаруучу органга (бөйрөккө); гормон, ферменттерди иштелип чыккан жеринен активдүү таасир этүүчү жерге жеткирет.


солдон оңго эритроцит, тромбоцит жана лейкоцит фотосүрөт сканерленген электрондук микраскоптон Кан организмдин ички чөйрөсүнүн (осмос басымы, суунун, минерал туздарынын өлчөмү), дене температурасынын туруктуулугун сактайт. Организмди зыяндуу агенттерден коргоодо да анын ролу чоң. Эркектерде 4 1⁄2 л, аялдарда 5 1⁄2 л кан болот. Кандын 55%и суюк бөлүктөн — плазмадан жана 45%и андагы клеткалар — формалуу элементтерден турат. Формалуу элементтер кан пайда кылуучу органдарда пайда болот.

Кандын курамы Дени соо кишинин канынын составы атайын жөнгө салуучу механизмдин натыйжасында туруктуу болот. Организмде ар кандай өзгөрүүлөрдү кан сезет. Анын составынын өзгөрүшү бир катар ооруларды диагноздоодо мааниси чоң. Кан системасынын ооруларында анын составы кыйла өзгөрүлөт. Кан плазмасынын 90%и негизинен тамак сиңирүү системасынан келген суу, 7 — 8% белок жана ар кандай туздардан турат. Белок молекуласынын формасы жана өлчөмүнө жараша альбуминдер жана глобулиндер болуп айырмаланат. Бул белоктун бири ар кандай ткань жана органдарга азык зат жана гормондорду ташыйт, экинчиси коргоо функциясын аткарат (к. Иммунитет).

Глобулинге протромбин жана фибриноген кирип, кандын уюшуна катышат. Плазмада, ошондой эле азык заттар (углеводдор, май жана башка), витаминдер, гормондор, ферменттер, кандын уюшун камсыз кылуучу атайын зат бар. Андан сырткары плазмада организмдин тиричилигинде пайда болгон керексиз заттар (зат алмашуу продуктусу) болуп, ал кан агымы менен бөйрөккө жеткирилет.

Кандын формалуу элементтери Лейкоциттер жана тромбоциттер. Плазмада булардан сырткары башка активдүү заттар болот. Эритроциттер — кызыл кан клеткалары, негизги функциясы — организм менен чөйрө ортосунда газ алмашууну, башкача айтканда. организмдин дем алуусун ишке ашырат. Алар кандын башка функциясына да катышат. Эритроцит чала өткөргүч чел жана көпшөк заттан турган ядросуз клетка, анын оюкчаларында темирлүү пигмент гемоглобин болуп, ал канга кызыл түс берет. Гемоглобиндин молекуласы белок — глобин жана темири бар топ- гемден турат. Гем тобундагы темир эритроцит өпкө капиллярлары аркылуу өткөндө кычкылтек молекуласы менен оңой ажыроочу кошулма пайда кылат. Ал башка органдардын кан тамырлары аркылуу өткөндө кычкылтекти берип, көмүр кислотасы менен байланышууга жөндөмдүү. Эритроцит кайра өпкө капиллярына келгенде гем аны берет. Кычкылтек менен каныккан артерия каны ачык кызыл түстө болот; кычкылтекти ткань сиңирип алып, гемоглобин көмүр кислотасы менен байланышканда кочкул кызыл түскө келет (андай кан вена кан тамыры аркылуу агат). Дени соо организмде 1 мкл канда 4—5 млн эритроцит болот. Эритроциттин санынын өтө азайышы, формасынын өзгөрүшү, эритроциттеги гемоглобиндин азайышы аз кандуулуктун мүнөздүү белгиси болуп эсептелет.


Кан элементтери: 1— эритроциттер; 2—8— лейкоциттер (2— сегмент сымал ядролуу нейтрофил, 3— таякча сымал ядролуу нейтрофил, 4— эозинофилдер, 5— базофилдер; 6—моноциттер; 7—8— лимфоциттер); 9— тромбоциттер. Лейкоциттер Лейкоциттер — ак (түссүз) кан клеткалары. Анын ядросунун формасы ар түрдүү болгондуктан таякча ядролуу, сегмент ядролуу, моноциттер болуп айырмаланат. Кээ бир лейкоциттердин цитоплазмасында атайын бүдүрчөлөр (гранулоциттер) болот, башкаларында мындай түзүлүштөр болбойт (агранулоциттер). Лабораториялык изилдөөлөрдө лейкоциттер кандай түскө боёлушуна жараша нейрофиль, базофиль жана эозинофиль лейкоциттери деп аталат. Ар бир лейкоцит өзүнө тиешелүү функция аткарат. Лейкоцит активдүү кыймылдап, кан агымынан чыгып, клетка арасында жылып жүрө алат. Алар организмге бөтөн зат киргенде, организм жабыркаганда лейкоцит капилляр капталынын клеткасынан чыгып жана жабыркаган жерди көздөй жылып коргоо функциясын аткарат, к. Фагоцитоз. Лейкоциттин саны ар бир кишиде 1 мкл канда 4000—9000 ге жетет. Андан ашып кетсе лейкоцитоз, азайса лейкопения деп аталат. Дени соо кишиде ысык мончого ваннага түшкөндөн кийин, спортсмендерде жана кара жумуш иштегендерде кыска мөөнөткө лейкопения байкалат.

Лимфоциттер Лимфоциттер — ак кан клеткалары. Ал лейкоциттер тобуна кирет. Иммунитет иштеп чыгууда ролу чоң, токсиндерди чогултуп, антитело пайда кылууга катышат.

Тромбоциттер Тромбоциттер — ядросуз түзүлүш, кан пластиналары деп аталат. Анын саны 1 мклде 180000—320000ге жетет. Тромбоциттин кан агууну токтотууда ролу өтө чоң. Кырсыкка учураган жерде кан уюп тромб пайда болуп, кан агуу токтойт. Кан агууда, операциядан кийин коргонуу реакциясы катары тромбоциттердин саны көбөйөт. Бирок веналардын варикоздук кеңейишинде, сезгенгенде (к. Тромбофлебит) кан тамырларда тромбдун пайда болушу күчөйт. Тромбоциттердин саны азайышы да мүмкүн. Ал кээ бир дарыны көтөрө албаганда, химиялык зат менен ууланганда байкалып, бул учурда кан агууну токтотуу кыйындайт. Бирок тромбоциттин санынын азайышы физиологиялык кубулуш катары, мисалы, уктап жатканда, тамак ичкенде, этек кир учурунда байкала орган жана тканды аралап өтүп, аларды бири-бири менен байланыштырып турат. Кандын кызматы көп түрдүү. Ал кычкылтекти өпкөдөн тканга (дем алдыруу функциясы); азык затты сиңирүүчү жерге (азыктандыруу функциясы); зат алмашуу процессинин керексиз продуктусун бөлүп чыгаруучу органга (бөйрөккө); гормон, ферменттерди иштелип чыккан жеринен активдүү таасир этүүчү жерге жеткирет.

Кан организмдин ички чөйрөсүнүн (осмос басымы, суунун, минерал туздарынын өлчөмү), дене температурасынын туруктуулугун сактайт. Организмди зыяндуу агенттерден коргоодо да анын ролу чоң. Эркектерде 4 1⁄2 л, аялдарда 5 1⁄2 л кан болот. Кандын 55%и суюк бөлүктөн — плазмадан жана 45%и андагы клеткалар — формалуу элементтерден турат. Формалуу элементтер кан пайда кылуучу органдарда пайда болот.

Кандын курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дени соо кишинин канынын составы атайын жөнгө салуучу механизмдин натыйжасында туруктуу болот. Организмде ар кандай өзгөрүүлөрдү кан сезет. Анын составынын өзгөрүшү бир катар ооруларды диагноздоодо мааниси чоң. Кан системасынын ооруларында анын составы кыйла өзгөрүлөт. Кан плазмасынын 90%и негизинен тамак сиңирүү системасынан келген суу, 7 — 8% белок жана ар кандай туздардан турат. Белок молекуласынын формасы жана өлчөмүнө жараша альбуминдер жана глобулиндер болуп айырмаланат. Бул белоктун бири ар кандай ткань жана органдарга азык зат жана гормондорду ташыйт, экинчиси коргоо функциясын аткарат (к. Иммунитет).

Глобулинге протромбин жана фибриноген кирип, кандын уюшуна катышат. Плазмада, ошондой эле азык заттар (углеводдор, май жана башка), витаминдер, гормондор, ферменттер, кандын уюшун камсыз кылуучу атайын зат бар. Андан сырткары плазмада организмдин тиричилигинде пайда болгон керексиз заттар (зат алмашуу продуктусу) болуп, ал кан агымы менен бөйрөккө жеткирилет.

Кандын формалуу элементтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейкоциттер жана тромбоциттер. Плазмада булардан сырткары башка активдүү заттар болот. Эритроциттер — кызыл кан клеткалары, негизги функциясы — организм менен чөйрө ортосунда газ алмашууну, башкача айтканда. организмдин дем алуусун ишке ашырат. Алар кандын башка функциясына да катышат. Эритроцит чала өткөргүч чел жана көпшөк заттан турган ядросуз клетка, анын оюкчаларында темирлүү пигмент гемоглобин болуп, ал канга кызыл түс берет. Гемоглобиндин молекуласы белок — глобин жана темири бар топ- гемден турат. Гем тобундагы темир эритроцит өпкө капиллярлары аркылуу өткөндө кычкылтек молекуласы менен оңой ажыроочу кошулма пайда кылат. Ал башка органдардын кан тамырлары аркылуу өткөндө кычкылтекти берип, көмүр кислотасы менен байланышууга жөндөмдүү. Эритроцит кайра өпкө капиллярына келгенде гем аны берет. Кычкылтек менен каныккан артерия каны ачык кызыл түстө болот; кычкылтекти ткань сиңирип алып, гемоглобин көмүр кислотасы менен байланышканда кочкул кызыл түскө келет (андай кан вена кан тамыры аркылуу агат). Дени соо организмде 1 мкл канда 4—5 млн эритроцит болот. Эритроциттин санынын өтө азайышы, формасынын өзгөрүшү, эритроциттеги гемоглобиндин азайышы аз кандуулуктун мүнөздүү белгиси болуп эсептелет.

Кан элементтери: 1— эритроциттер; 2—8— лейкоциттер (2— сегмент сымал ядролуу нейтрофил, 3— таякча сымал ядролуу нейтрофил, 4— эозинофилдер, 5— базофилдер; 6—моноциттер; 7—8— лимфоциттер); 9— тромбоциттер.

Лейкоциттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейкоциттер — ак (түссүз) кан клеткалары. Анын ядросунун формасы ар түрдүү болгондуктан таякча ядролуу, сегмент ядролуу, моноциттер болуп айырмаланат. Кээ бир лейкоциттердин цитоплазмасында атайын бүдүрчөлөр (гранулоциттер) болот, башкаларында мындай түзүлүштөр болбойт (агранулоциттер). Лабораториялык изилдөөлөрдө лейкоциттер кандай түскө боёлушуна жараша нейрофиль, базофиль жана эозинофиль лейкоциттери деп аталат. Ар бир лейкоцит өзүнө тиешелүү функция аткарат. Лейкоцит активдүү кыймылдап, кан агымынан чыгып, клетка арасында жылып жүрө алат. Алар организмге бөтөн зат киргенде, организм жабыркаганда лейкоцит капилляр капталынын клеткасынан чыгып жана жабыркаган жерди көздөй жылып коргоо функциясын аткарат, к. Фагоцитоз. Лейкоциттин саны ар бир кишиде 1 мкл канда 4000—9000 ге жетет. Андан ашып кетсе лейкоцитоз, азайса лейкопения деп аталат. Дени соо кишиде ысык мончого ваннага түшкөндөн кийин, спортсмендерде жана кара жумуш иштегендерде кыска мөөнөткө лейкопения байкалат.

Лимфоциттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лимфоциттер — ак кан клеткалары. Ал лейкоциттер тобуна кирет. Иммунитет иштеп чыгууда ролу чоң, токсиндерди чогултуп, антитело пайда кылууга катышат.

Тромбоциттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тромбоциттер — ядросуз түзүлүш, кан пластиналары деп аталат. Анын саны 1 мклде 180000—320000ге жетет. Тромбоциттин кан агууну токтотууда ролу өтө чоң. Кырсыкка учураган жерде кан уюп тромб пайда болуп, кан агуу токтойт. Кан агууда, операциядан кийин коргонуу реакциясы катары тромбоциттердин саны көбөйөт. Бирок веналардын варикоздук кеңейишинде, сезгенгенде (к. Тромбофлебит) кан тамырларда тромбдун пайда болушу күчөйт. Тромбоциттердин саны азайышы да мүмкүн. Ал кээ бир дарыны көтөрө албаганда, химиялык зат менен ууланганда байкалып, бул учурда кан агууну токтотуу кыйындайт. Бирок тромбоциттин санынын азайышы физиологиялык кубулуш катары, мисалы, уктап жатканда, тамак ичкенде, этек кир учурунда байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8