Роза Карагулова
(«Карагулова, Роза» барагынан багытталды)
Карагулова, Роза – акын. Талас шаарында 1946-жылы 30-июлда туулган. Ал 1970-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Нарын жана Көл өрөөндөрүнүн мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
Р.Карагулова 1982-жылдан бери китепканачылык кесипти аркалап келет.
Р.Карагулова 1979-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Анын «Кыз дүйнөсү», деп аталган алгачкы китеби 1975-жылы жарык көргөн. Айрым ырларына обон жазылган.
Р.Карагулова Р.Тагордун прозадагы ырларын которуунун үстүндө да алектенген.
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыз дүйнөсү: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 40 б.
- Көл тынышы: Ырлар. – Ф.; Мектеп, 1978. – 96 б.
- Жолдо: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 70 б.
- Тынчы жок талаа: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 88 б.
- Капчыгай: Ырлар жана поэма. – Б.: Адабият, 1991. – 128 б.
Котормолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Накылдар. – Б.: Техник, 2005. – 111 б.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6