Кварк

Википедия дан
Кварктар‎»‎ барагынан багытталды)

Кварктар – спини 1/2 болгон элементардык бөлүкчөлөр. Азыркы көз караш боюнча бардык адрондордун түзүүчүлөрү: бариондор жана мезондор Кварктардан турат деп эсептелет. Кварктар жөнүндөгү божомолду 1964-жылы бири бирине байланышпай туруп М. Гелл-Манн (АКШ) жана Ж. Цвейг (Австрия) спектроскопиядагы закон ченемдерди жана адрондордун касиеттерин түшүндүрүүдө айтышкан. Кварктар божомолуна ылайык бариондор үч кварктардан (антибариондор – үч антикварктан), мезондор – кварктардан жана антикварктардан турат. Эркин абалдагы кварктар али табыла элек жана адрондорду аны түзүүчү кварктарга ажыратууга мүмкүн эмес деп эсептелинет. 19-кылымдын 80-жылдарынын башында кварктардын 5 түрү белгилүү болгон: u, d, s, c, b. Андан кийин теориялык негизде алтынчы кварктар – t-кварктардын болору алдын ала айтылган. Бардык кварктар бариондук сан (бариондук заряд) В=1/3 менен түшүндүрүлөт. Бариондор үчүн В=1, ал эми мезондордуку В=0. Бул бардык кварктардын бариондук заряды 1/3; u, c, t кварктардын электр заряды – 2/3; d, s, b кварктардыкы – 1/3. Бардык лептондор жана кварктар фермиондор (спини 1/2ге барабар) болуп эсептелинет. Кварктардын типтери баарыдан мурда төмөнкү ички кванттык сандар [Изотоптук спин (I) жана анын проекциясы (I3), кызыктуулук (странность) (S), суктануу (очарование) (C), сулуулук (красота) (b) аныктык (истинность) (t) жана электр заряды (Q)] менен мүнөздөлөт. кварктардын электр заряды жогорудагы ички кванттык сандар менен туюнтулуп, Гелл-Манн – Нишижиманын жалпыланган формуласы менен берилет (е элементардык заряд бирдиги боюнча): Q=I3+1/2(B+S+C–b+t). Экинчи кошулуучунун эки эселенген мааниси гиперзаряд деп аталат. Кванттык хромодинамикада түс деп аталуучу үч жаңы заряд (кызыл, жашыл жана көк) киргизилген. Ага карама-каршы: антикызыл, антижашыл жана антикөк түстөр да бар. Ар кандай ароматтагы кварк үч түстүн бирине, ал эми антикварк – үч антитүстүн бирине ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]