Керме-Тоо (айыл)
Көрүнүш
(«Керме-Тоо, Ош шаары» барагынан багытталды)
Керме-Тоо – Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине караштуу Жапалак айыл округунун курамында. Облустун борбору Ош шаарынан 6 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Калкы 1631 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Тамеки кабыл алуучу пункт, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жайлары иштейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9