Кесилиш (эффективдүү кесилиш)

Википедия дан

Кесилиш (эффективдүү кесилиш) – кагылышуучу эки бөлүкчөнүн системасынын андагы бөлүкчөлөрдүн чачыроолорунун (серпилгич же серпилгич эмес) натыйжасында белгилүү акыркы абалга өтүү ыктымалдуулугун мүнөздөөчү чоңдук.

Кесилиш σ бирдик убакытта мындан өтүүлөрдүн санынын dN бутага түшүүчү чачыроочу бөлүкчөлөр агымынын тыгыздыгына nϑ, б. а. бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгына перпендикуляр болгон бирдик тегиздик аркылуу бирдик убакытта өтүүчү бөлүкчөлөрдүн санына болгон катышына барабар: σ=dN/nϑ, мында n − түшүүчү бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгы, ϑ − бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгы. Ошентип Кесилиштин бирдиги аянттын өлчөө бирдиги болот. Бөлүкчөлөрдүн чачыроолорунда байкалуучу ар кандай типтеги өтүүлөргө түрдүү К-тер туура келет. Бөлүкчөлөрдүн серпилгич чачыроосу дифференциалдык К. dσ/dΩ (dΩ− нерселик бурчтун элементи) жана толук Кесилиш σ менен мүнөздөлөт (σ толук нерселик бурч Ω=4π стередиан боюнча алынган интегралга барабар). Газдардын кинетикалык теориясында молекула өтө кичине dx аралыкта кагылышуусуз эркин жүрүүнүн dω(x) ыктымалдуулугунда Кесилиш пайдаланылат: dω(x)=е-n0σxn0σdx, мында n0 – молекулалардын концентрациясы. Чачыроонун Кесилиштерин эксперименттик өлчөөлөр кагылышуучу бөлүкчөлөрдүн түзүлүшү жөнүндө маалымат берет. Мис., атомдордон х−бөлүкчөлөрдүн чачыроосунун Кесилишин өлчөөлөр − ядронун ачылышына, ал эми электрондордун нуклондон серпилгич чачыроосун өлчөөлөр – нуклондордун радиустарын жана алардагы электр заряды менен магнит моментинин бөлүнүшүн аныктоого жардам берет. Кесилиш түшүнүгү статистикалык физикада пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]