Кит сымалдар
Кит сымалдар (Cetacea) — сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. Кит сымалдардын дене узундугу 1,1 мден 33 мге, салмагы 30 кгдан 150 тоннага чейин жетет. Дайыма сууда жашоого ыңгайланышкан. Денеси сүйрү, кош калактуу куйругу түз (горизонталдуу). Тери астындагы май катмары калың, жылуулукту сактайт. Жүнү, тери бездери, арткы буттары жана жамбашы жоголуп кеткен (редукцияланган). Типтүү жыт билүү органы жок, бирок хеморецепциясы жана угуусу жакшы өөрчүгөн. Алдыңкы буттары — көкүрөк сүзгүчтөрү же калакчалары жалпак, 4—5 манжалуу. Мурун тешиги бирөө же экөө, төбөсүндө жайгашкан, дем алууда жана дем чыгарууда гана ачылат, көзү кичине, жаш бездери жок. Азыгын бүтүн бойдон жутат. Шилекей бездери жок. Карыны татаал, 8—14 бөлүмдөн турат. 2 түркүмчөсү (муруту чоң жана тиштүү киттер) белгилүү. Мурутчан жана тишсиз кит сымалдардын 3 тукуму (жылма киттер, чаар киттер жана боз киттер), тиштүү кит сымалдардын 4 тукуму (кашалоттор, тумшуктуу киттер, дельфиндер жана дарыя дельфиндери), 38 уруусу, 80ге жакын түрү бар. КМШ өлкөлөрүнүн сууларында 25 уруусу, 32 түрү кездешет. Алар Арктикадан Антарктикага чейинки дүйнө океандарында тараган. Булчуңдарында миоглобиндин болушу, кычкылтек резервин түзүүгө жана суу астында узакка чейин болууга (бир сааттан ашык) мүмкүндүк берет. Айрымдары жер ооп жашайт — жайында муздак сууда семирет (май топтойт), ал эми кышында жылуу сууда көбөйөт. Жер которгону белгилөө же эн салуу менен аныкталат. Муруттуу киттердин 5—10 миң км аралыкка барып, бирок ар качан экватордон ары өтпөгөндүгүн жана жыл сайын ошол эле аймакка кайта келери аныкталган. Тиштүү киттер — балыктар, баш буттуу моллюскалар менен, муруттуу киттер негизинен планктон, рак сымалдар менен азыктанат. Көбүнчө моногамдар. 2—6 жашында жыныстык жактан жетилет. Көпчүлүгү 1 жылга жакын көтөрүп, 2 жылда бир жолу бирден тууйт. Ургаачысынын жыныс жылчыгынын каптал жагында 2 упчусу болот. Атайын булчуңдардын жыйрылуусу менен сүт баласынын оозуна бүркүлөт. Баласын сүт менен 4 айдан (майда дельфиндер) 1 жылга чейин (кашалоттор) багат. 30—50 жыл жашайт. Көпчүлүк кит сымалдардын саны азайып, көптөгөн популяциялары (өзгөчө чоң киттердин) жоголуп кетүү чегинде болгондуктан, 18 түрү жана 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9