Кичинекей ханзада

Википедия дан
Кичинекей ханзаада‎»‎ барагынан багытталды)
Кичинекей ханзада
Жазуучу Антуан де Сент-Экзүперинин
Нукура аталышы Le Petit Prince
Которгон Б. Жунусалиев, Салимжан Жигитов
Сүрөтчүсү Антуан де Сент-Экзүперинин
Өлкөсү  Франция
Тили французча
Басмакана Галлимард
Чыккан жылы 1943
Кыргызча чыккан жылы 1981дан мурун
ISBN 9789967268456

Кичинекей ханзада (французча: Le Petit Prince, французча айтылышы: [lə pəti pʁɛ̃s]) — биринчи жолу 1943-жылы басылып чыккан аңгеме француз аристократы, жазуучусу, акыны жана учкучу Антуан де Сент-Экзүперинин (1900-1944) эң белгилүү эмгеги.

Аңгеме дүйнөдөгү эң көп которулган китептеринин бири болуп саналат жана Парижде 20-кылымдын мыкты китеби деп табылган. 300 тилге жана диалектиге (ошондой эле Брайл арибине) которулган, жыл сайын болжол менен эки миллион, ал эми дүйнө жүзү боюнча жалпы 140 миллиондон ашуун нускада сатылган чыгарма ушул убакка чейин жарык көргөн китептердин ичинен эң көп сатылган аңгемелердин бири болуп калган[1].

Экинчи дүйнөлүк согуш капысынан башталгандан кийин Сент-Экзүпери Түндүк Америка сүргүнгө айдалган. Жеке жашоосундагы өзгөрүүлөр болуп, ден соолугу начарлап жаткан шартта ал аңгеменин жарымын жазып койгон. Ал бөлүгү Жерге түшкөн жаш ханзааданын жалгыздыгы, достугу, сүйүүсү жана жоготуусу тууралуу жагымдуу жомоктон турган. Автордун мурдараак жазган эскерүүлөрүндө Сахара чөлүндөгү өзүнүн авиациялык тажрыйбаларын баяндаган жана "Кичинекей ханзаададагы" сүрөттөлгөн тажрыйба анын башынан өткөн окуя болгон деп айтылат.

Америка Кошмо Штаттарында алгач басылып чыгарылгандан кийин бул аңгеме бир нече көркөм чыгармачылыкка жана медиа түрлөрүнө ылайыкташтырылган. Ал аудио жазмалар, радио спектаклдер, сахналаштырылган көрсөтүүлөр, тасма, сыналгы, балет менен опера эмгектерине айланган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилине котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кичиникей ханзада: Жомок. Фрунзе: «Мектеп» басмасы, 1981. (2-бас) (Которгон: Салижан Жигитов)
    • Кут ааламдан муну 2016-жылы майда оңдоолор менен кайра басып чыгарган (ISBN 9789967268456)
  • Кичинекей ханзада, Бишкек: Данек, 2021
  • Кичинекей ханзада (Жомок). Бишкек: «ШАМ» басма үйү, 2022. 116 б. ISBN 9789967480575 (Которгон: Б. Жунусалиев)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://thetimes-tribune.com/news/little-prince-discovery-offers-new-insight-into-classic-book-1.1310195