Колдонуучу:Tamchy Bayan

Википедия дан

Шекербек Адыловдун өмүр баяны

Адылов Шекербек Кубанычбекович 1974-жылы 9-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи-Ак-Жол айылында туулган.

1993-95-жж. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык бөлүмүндө айтылуу төкмө Тууганбай Абдиевдин сабагын алган.1997-2004-жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин филология бөлүмүн аяктаган.

2002-жылдан баштап Республикалык "Айтыш" коомдук фондунда катардагы кызматкер, "Чайкама" гезитинин редактору, 2008-жылы "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы болгон.

2011-жылдан баштап "ЭЛТР" МТРКсынын "Чак Түш" программасынын алып баруучусу, "Сайра Комуз" жана "Залкарлар Баяны" аттуу көрсөтүүлөрүнүн редактору.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Республикалык "Айтыш" коомдук фондунда келечектеги акын балдарга сабак берет.

2014-жылы "Өмүр Термеси" аттуу ыр жыйнагын чыгарып, элге тартуулаган.

2019-жылдын күзүндө 25 жылдык чыгармачылык кечесин белгилеген.

"Өмүр термеси", "Аксынын азаматтары", "Бишкек баатыр баяны" аттуу ыр жыйнактардын ээси.

Сыйлыктары:

2005-жылы "Эл ичи өнөр кенчи" аттуу Кыргыз өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн Республикалык айтышта 2-орунду багынтып, Ысмайыл Борончиев атындагы күмүш медаль менен сыйланган;

2006-жылы Казакстан Республикасында өткөн "Улы даланы жырлаймын" аттуу акындардын Эл аралык айтышында 3-орун "Акмола" атындагы сыйлык;

2007-жылы "Кошой-Коргон" Эл аралык фальклордук конкурс фестивалындагы айтышта 2-даражадагы диплом;

2014-жылы "ЭЛТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясыы, Ардак грамота;

2014-жылы Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси;

2016-жылы Ош шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн акындардын Эл аралык айтышында баш байгеге ээ болгон;

2017-жылы "Ыйман, адеп жана маданият жылында" төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 90 жылдык мааракесинин урматына өткөрүлгөн Республикалык айтышта баш байгени алган;

2018-жылы "Аксы районунун ардактуу атуулу";

2021-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамын алган.