Армрестлинг

Википедия дан
Кол күрөш‎»‎ барагынан багытталды)
Армрестлинг

Армрестлинг — бул эки тараптын колдор менен күрөшүү түрү. Армрестлинде спортчулар атайын столдо, турган абалда кол күрөштүрүшөт. Алардын чыканагы атайын жаздыкчага такалат. Атаандашынын колунун муштумун жаздыкчага тийгизген адам утушка ээ болот. Оң кол менен да, сол кол менен да кол күрөштүрүүгө болот. Бул, XX кылымдын 1960-жылы кайрадан жандандырылган байыркы оюн.

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар экиден болушуп, бир бирине карама-каршы жатышып, оң колдору менен алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар ким атаандаштарынын колдорун өз жактарына ийип жерге тийгизүүгө аракеттенет. Андан кийин оюнчулар сол колдору менен күч сынашат. Оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышы мүмкүн. Көп жолу атаандаштарынын колдорун ийип жерге тийгизген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атаандашы даяр боло электе аракеттенүүгө, экинчи кол менен жардам берүүгө, чыканакты жерден көтөрүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, максаттуу болууга, эркти тарбиялайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]