Комплекстүү бирикмелер

Википедия дан
Комплекстүү бирикмелер —‎»‎ барагынан багытталды)

Комплекстүү бирикмелер – эритмеде кристалл торчонун түйүндөрүнө өз алдынча сактала турган комплекстүү ион жайгашкан бирикмелер. Бир же бир нече молекула же ион менен белгилүү бир валенттик абалда байланышкан металлдын, кээде металл эместин атомунан турган татаал ион комплекстүү ион деп аталат. Комплекстүү бирикмелер комплекстүү анионду, комплекстүү катионду кармап турушу, же болбосо такыр эле ионго диссоциацияланбашы мүмкүн. Координациялык теориянын көз карашы боюнча ар кандай Комплекстүү бирикмелердин молекуласында оң заряддалган ион борбордук орунду ээлеп, комплекс пайда кылуучу же борбордук ион деп аталатынча Анын айланасында карама-каршы заряддалган бир нече ион же электр нейтралдуу молекулалар – лиганддар жайгашат да, Комплекстүү бирикмелердин ички координациялык чөйрөсүн, ички чөйрөгө батпай калган иондор сырткы координациялык чөйрөнү түзөт. Борбордук ионду курчап турган лиганддардын саны координациялык сан деп аталатынча Комплекстин ички чөйрөсү эригенде туруктуулугун сактайт, сырткы чөйрөдө жайгашкан иондор эритмеде оңой эле ажырайт. Ошондуктан ички чөйрөдө иондор борбордук атом менен иондуу эмес, сырткы чөйрөдө болсо, иондуу байланышкан. Мисалы, РtС1•2КС1 комплекстүү тузунун координациялык формуласы: K2[PtCl6]. Мында ички чөйрө кычкылдануунун даражасы 4+ болгон платинанын борбордук атомунан жана хлор иондорунан турат, ал эми калий иону сырткы чөйрөдөн орун алатынча Көптөгөн Комплекстүү бирикмелердин координациялык санын аныктоо мн, А. Вернер борбордук иондун заряды координациялык санга таасир этүүчү негизги фактор деген. Комплекстүү бирикмелерди атоо ички чөйрөнүн курамын көрсөтүүдөн башталат, андан кийин борбордук атому аталат жана анын кычкылдануу даражасы көрсөтүлөт. Анализ химиясында бир катар металлды бөлүп жана аларды өтө тазалыкта алуу үчүн гальваностегияда, боёгуч зат, сууну жумшартууда колдонулат Көптөгөн Комплекстүү бирикмелер – В12 витамини, гемоглобин, хлорофилл ж. б. физиологиялык жана биохимиялык процесстерде өтө чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]