Кредит картасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кредит картасы – электрондук негизде эсеп жүргүзүү үчүн кредиттик уюмдарда (банк ж. б.) ээсинин атайын эсебин тастыктаган пластикалык карта түрү. Кредит картасы ээсине тейлөө кызматтарын жана товарларды чекене соода түйүнүндө накталай эмес төлөм аркылуу алуу укугун тартуулайт. Картанын электрондук маалыматты алып жүрүшүнө карата магниттик (магнит сызыгы менен), чип же смарт карталары деп бөлүнөт. Магниттик пластикалык Кредит картасында эсепте канча акча каражаты каралганы жөнүндө «Кыргызстан коммерциялык банкынын» кредит картасы. маалымат болбойт, болгону гана сатып алынуучу товарга же көрсөтүлгөн тейлөө кызматынын акысын жабуу үчүн кайсы банкка кайрылуу керек экендиги жөнүндөгү маалымат болот. Бул карта менен иш алып барганда кардардын төлөм мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн процессинг борборуна же банкка кайрылуу зарыл. Смарткарталар маалыматты өзүнүн кичинекей процессорду элестеткен чибинде жана эсепте канча акча каражаты каралганы жөнүндө жашыруун маалыматты модулдарда сактайт. Бул карталар менен иш алып барганда банктар ж. б. кредиттик уюмдар менен байланышуунун кажети жок, болгону гана электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен тийиштүү сумманы картадан алып салуу керек. Ошондой эле револьвердик, аралаш Кредит картасы кездешет. Кеңири таралгандары: «Виза», «Мастер кард», «Американ экспресс», «Евро-кард». Кыргызстанда «Демир», «Халык», «Кыргызстан коммерциялык банкынын» ж. б. банктардын Кредит карталары бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]