Степан Крикотин

Википедия дан
Крикотин Степан Павлович‎»‎ барагынан багытталды)

Степан Павлович Крикотин (27.12.1910, Оренбург облусу, Ново-Покровка р-ну, Ново-Микайловский кыштагы – 9.04.1985, Фрунзе ш.) Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Эмгек жолун 1937-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармасында баштап, геол.-чалгындоо партиялардын бургулоочу мастери, бургулоо участкасынын прорабы болуп иштеген. Түстүү металл кендерин чалгындоодо ж-а өндүрүштүк тапшырмаларды жогорку технология-экономикалык көрсөткүчтөр менен орундатууда эмгектеги зор ийгиликтерге жетишкен. Көп жылдык ишинде жүздөгөн жумушчуну бургулоо адистигине үйрөткөн. Ленин ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын кен байлыгы. Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7