Куинджи Архип Иванович

Википедия дан
Куинджи, Архип Иванович‎»‎ барагынан багытталды)

Куинджи Архип Иванович (15(27).1.1842 же январь, 1841, Мариуполго жакын Карасу (Карасёвка) деген жер — 11(24). 7. 1910, Санкт-Петербург) — орус живописчиси, пейзажист. Сүрөт тартууну өз алдынча жана Петербург сүрөт академиясынан үйрөнгөн. Куинжи 1892-жылдан академиянын профессору, 1893-жылдан анык мүчөсү, 1894-жылдан пейзаж боюнча өнөркананын профессор-жетекчиси болгон. Алгачкы чыгармалары И. Айвазовскийдин таасиринде жаралган. Куинжинин пейзаждык картиналары: «Унутулган кыштак» (1874). «Чумактар жолу» (1875; экөө тең Третьяков галереясында). Кийинки чыгармаларында Куинжи табият көрүнүшүн поэтикалык маанайда берүүгө аракеттенген жана алар декоративдүүлүгү менен айырмаланган («Украина түнү», 1876; «Кайыңдуу токой», 1879; «Добулдан кийин», 1879; үчөө тең Третьяков галереясында). Куинжи Сүрөтчүлөр коомун түзүүнүн демилгечиси (1909; кийин коом Куинжинин ысмы менен аталган).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004