Кулун көлү

Кулун (көл)‎»‎ барагынан багытталды)
Кулун
кырг. Кулун
Координаттар: 40°32′34″ с. ш. 74°19′06″ в. д.HGЯO
Жайгашкан орду

Ош облусу Кыргызстан

Узундугу

4,6 км

Туурасы

0,7 км

Аянты

3,25 км²

Көлөмү

0,118 км³

Эң терең жери

91 м

Куйган дарыялар

Кулун дарыясы

Кулун (Кыргызстан)
Кулун

Кулун көлүФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы тоо көлү. Кара-Кулжа районунун аймагында. Тар суусунун оң куймасы — Кулундун башында жайгашкан. Узундугу 4,6 км, туурасы 700 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 2856 м бийиктикте жатат. Суусу тунук, тузсуз. Кулун өрөөнүн жер көчкү бөгөп калуусунан пайда болгон. Бөгөттүн бийиктиги 120 м, туурасы 500 м, Узундугу 200 м. Түндүгү менен түштүк капталдары тик (60°), урчуктуу аскалар менен кучалган. Айланасы өтө кооз. Аны курчап турган тоолордун түндүк капталында карагай, түштүк беттеринде арча токою өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]