Көлоб

Википедия дан
Куляб‎»‎ барагынан багытталды)

Кулоб, тарыхый кыргыз аталуусу Көлөп[1]Тажикстандын түштүк бөлүгүндөгү шаар. Хатлон облусунун Яхсу дарыясынынын (Пянждын алабы) өрөөнүндө, Хазратишох кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 85,5 миң (2009; калкынын саны боюнча өлкөдөгү Зшаар). темир жол бекети. Аэропорту бар. Болжолу биздин заманга чейинки 8—7-кылымдарда пайда болгон. Биздин замандын 9—12-кылымдарынан Улуу Жибек жолунда Искандар деген ат менен белгилүү. 1934-жылы шаар статусун алган.

Кулоб нохиясу, Тажикстан

Шаардын чегинде археологиялык эстеликтер, коло дооруна таандык бейиттер (биздин заманга чейинки 15—10-кылым), Мир-Сайид-Хамадони мавзолейи (14—17-кылым) сакталган. Аккумулятор өндүрүшү, пахта тазалоочу заводу, текстиль, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, китепкана, театр, музейлер (анын ичинде тарых-край таануу ж. б.), тажик акыны С. Вали-заденин үй-музейи бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз макалы: Казак кайың сааганда, Кыргыз Ысар, Көлөпкө киргенде