Леонид Куравлёв

Википедия дан
Куравлёв, Леонид Вячеславович‎»‎ барагынан багытталды)
Леонид Куравлёв

Леонид Вячеславович Куравлёв (орусча: Леонид Вячеславович Куравлёв, 1936-жылы 8-октябрда Москвада туулган ― 2022-жылы 30-январьда өлгөн) — советтик жана орусиялык киноактер. РСФСРдин эмгек сиңирген артисти (1965), РСФСРдин эл артисти (1976).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Леонид Куравлев туңгуч ирет киного али стедент кезинде тартылган. 1960-жылы ал Михаил Швейцердин тарыхый-революциялык "Мичман Панин" тасмасында матрос Камушкинди ойногон. Куравлев буга катар Василий Шукшиндин "Лебяжьеден билдирмекчимин" (орус. Из Лебяжьего сообщаю) дипломдук ишине тартылган. Куравлев - айкын өзгөчөлүгү бар, бир түрдүү актер. Анын эң эле таанымал ролдору булар:

  • Пашка Колокольников ("Ушундай боз улан бар" (орус. Живет такой парень), Василий Шукшин);
  • Хома Брут ( "Вий", Константин Ершов);
  • Шура Балаганов ( "Алтын музоо" (орус. Зоротой теленок), Михаил Швейцер);
  • Жорж Милославский ( "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" (орус. Иван Васильевич меняет профессию), Леонид Гайдай);
  • Курт Айсман ("Жаздын он жети көз ирмеми") (орус. Семнадцать мгновений весны);
  • Афанасий Борщов ( "Афоня", Георгий Данелия);
  • Володька Завитушкин ( "Болушу мүмкүн эмес!" (орус. Не может быть!) Леонид Гайдай);
  • Копченый ( "Жолугушчу жерди өзгөртүүгө болбойт" (орус. Место встречи изменить нельзя), Станислав Говорухин);
  • инспектор Рири Гранден ( "Аялды издегиле" (орус. Ищите женщину) Алла Сурикова);
  • Спартак Иванович Молодцов ( "Жашоого коркунучтуу!" (орус. Опасно для жизни!) Леонид Гайдай).

1960-1992 жылдары Киноактер студиялык театрынын актеру болгон. 1990-жылдардын аягында Вахтанг Кикабидзе менен бирге циркон билериктердин рекламасында тартылган. "Ак Тоту" (орус. Белый попугай) телекөрсөтүүсүнө катышкан. 1990-жылдын акырына жаңы китептер жөнүндө айтылган "Леонид Куравлев менен китептер дүйнөсү" телепрограммасын алып барган.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1965-жыл - РСФСРдин эмгек сиңирген артисти
  • 1976-жыл - РСФСРдин эл артисти
  • "Ардак Белгиси" төш белгиси
  • 2006 - калыбына келтирилген Александр Невский төш белгисин ыйгаруу боюнча конкурстун лауреаты
  • 2012-жыл 29-декабрь "Орусиянын маданият жана искусствосуна кошкон салымы, жемиштүү эмгеги үчүн" IV даражадагы "Ата-Мекенге эмгеги үчүн" төш белгиси
  • 2010-жылы Ярославлда Л. Куравлев аткарган каарман - "Афоня" тасмасындагы темир уста Афонянын скульптурасы орнотулган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]