Кушчу, уруу

Wikipedia дан
(Кушчу барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

КУШЧУ же КУТЧУ уруусу – кыргыздардын сол канат тобуна кирген чоң уруулардын бири. Өз алдынча уруу катары алгач 16-к-дагы «Мажму ат-Таварих», «Тазкира-и-ходжаган» тарыхый чыг-нда эскерилет. Ал эми «Тарихи-и Рашиди» б-ча К. уруусунан чыккан эмирлердин түпкү атасы бир мергенчи болуп, ал Моголстандын ханы (1380—1399) Кызыр Кожону такай коштоп жүргөн ж-а бул уруунун экинчи аты «күкөлдөш» («кукалдаш») болгон. В. Радлов болсо кыргыздын К. (кучу) уруусу Тянь-Шан ж-а Енисей кыргыздарынын этностук байланышын аныктайт деген пикирин айткан. Кээ бир көз караштар б-ча кытай хроникаларында кезиккен нушибилердин бир уруусу «гэшуну» К. деп эсептешет. Бирок азыркы К. уруусу м-н байыркы түрк урууларын түз байланышы бар экени так аныктала элек. Башка бир пикирлер б-ча адегенде түрктөрдүн аскер наамы (кош беги) же хандын кызматчылары (кушчу – куш сала турган адам) болгон. Негизинен К. уруусу кыргыздын мундуз, кыпчак, коңурат, каңды сыяктуу уруулар м-н бирге байыркы уруулардын бири деп таанылат. К-лар этнокомпонент катары кийинки ногой, түркмөн, башкыр, өзбек, азербайжан элдеринин арасында да кезигет. Кытай маалыматтарында (мис., Пиндин Чжуньгээр фанлюэ, Сиюй чжи) К-лардын 17–18-к-да Чыгыш Түркстандын саясий турмушуна жигердүү катышканы айтылат. Генеол. уламыштар б-ча К. уруусу жоош ж-а меңдуулат деген эки бөлүкчөдөн туруп, жоош негизги үч уруу – касымсейит, төрөсейит, тынымсейит; меңдуулат таз кушчу, кара кушчу, көк кушчу, кагасты, чилжубут, шараноот, сакалды ж. б. урууларга бөлүнүшөт. К. урууларынын негизги бөлүгү Талас өрөөнүнүн баш жагында турушат. Мындан тышкары Жалал-Абад (Ала-Бука, 1-Май, Аксы жб.), Чүй (Панфилов, Жайыл, Кемин ж. б.), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Тоң, Түп ж. б.), Нарын (Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.) обл-тарында ж-а КЭРдин Ак-Чий, Каражүл р-ндорунда жашайт. К. уруусу кыргыз элин түзгөн маанилүү этностук топ болуп эсептелет.