Сёрен Кьеркегор

Википедия дан
Кьеркегор, Сёрен‎»‎ барагынан багытталды)
Сёрен Кьеркегор.

Кьеркегор, Сёрен (1813—1855) — дат философу, экзистенциализмге жол салып кеткен философ катарында эсептелет. Кьеркегордун көз карашынын калыптанышына философтун өзүнүн жеке турмушу чоң таасир берген.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын үйүндө атасы тарабынан орнотулган катуу диний атмосфера үстөмдүк кылып турган, атасы бала чагында Кудайга жакпаган иш кылгандыгы үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептеп, кийин бул күнөөсүн актоо үчүн үйүндөгүлөрдөн катуу диний тартипти талап кылчу экен. Үйлөнүү тоюнун алдында диний көз караштардан улам колуктусунан кол үзүп кетет да, адабий иштер менен алек болуп түнт турмуш өткөрөт. Өмүрүнүн акырында теологиялык чөйрөлөр менен активдүү талаш-тартыштарды жүргүзөт. Анын эмгектери ар башка автордук ысымдар менен басылып чыгат.

Философиялык көз караштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кьеркегордун философиялык көз караштары анын Гегелге каршы айтылган ой-пикирлери катарында пайда болгон. Ал Гегелди индивидди абсолюттук духтун көрүнүшү болгон тарыхый процесстин субьектиси катарында кароого аракет жасагандыгын, субьективизмин сынга алып, катуу каршы чыгат. Гегелдин бул позициясы Кьеркегор тарабынан инсандын өз алдынчалыгын жана эркиндигин жокко чыгарууга, өзүнүн жасаган жорук-жосуну үчүн андан жоопкерчиликти алып салууга умтулгандык катарында аныктаган. Ал Гегелдин инсан түшүнүгүнө өзүнүн түшүнүгүн карама-каршы коюуга умтулат, анын түшүнүгү боюнча, инсан абсолюттук эркиндикке ээ. Кьеркегор инсанды ар кандай көз карандылыктан — жаратылыш көрүнүштөрүнө, коомдук таасирлерге жана адамды бөлөк бир адамдар менен байланыштырып турган башка мамилелерге көз каранды болуудан бошотот. Бардык тышкаркы жашап турган нерселерден бошонгондо гана адам өзүн инсан катарында аныктай турган индивидуалдуулукка ээ боло алат. Бул мааниде алганда инсан өзү үчүн жана өзү жасаган иштер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү болот.

Эркиндик, инсан, тандоо түшүнүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кьеркегор үчүн ал өзү карап жаткан: эркиндик, инсан, тандоо сыяктуу түшүнүктөрдүн формалдуу түрдөгү аныкталышы гана маанилүү. Эркиндик дегенибиз, анын пикири боюнча, «муну же тигини» (Кьеркегордун бир эмгеги дал ушундайча «Бул же тигил» деп аталат) тандап алуу эркиндиги болуп саналат. Мында Кьеркегор «эркиндик» жана «тандоо» түшүнүктөрүндө камтылып турган мазмунду карабайт, ал тандоонун өзүн гана, же өзү айткандай «тандоо актысынын чындыгын гана» талдап карайт. Кандайдыр бир мазмундан ажыратылган бул акт Кьеркегор үчүн метафизикалык мааниге ээ болгон: тандап алып, «жан жеке өзү жалгыз калат да, дүйнөдөгү бардык нерселерден обочолонуп отуруп алып ачык асмандын түпкүрүндөгү Түбөлүк Күчтү байкап-баамдайт».

Бул жерде Кьеркегордун окуусу диний мүнөзгө ээ болот, анткени «Түбөлүктүү Күчтү» байкап-баамдоо — Кудайга кошулуу, индивидуалдык эркиндик Кудай менен камыр-жумур болуп жуурулушуп кетет. Кьеркегордун Кудайы инсандын индивидуалдык тандоосун кепилдейт, башкача айтканда жеке инсандын этикалык жорук-жосундарынын жалпы маанисине кепил болот.

Субьективдүү, сапаттык диалектикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гегелдик сандык диалектикага карама-каршы Кьеркегор өзүнүн, субьективдүү, сапаттык диалектикасын сунуш кылат. Бул диалектика, Кьеркогордун пикири боюнча, эсептеп чыгарууга болбой турган сапаттык өбөлгөлөрдү эсепке алууга тийиш, анткени алар интимдик-инсандык ой-санаалар болуп саналат. Буларга барынан мурда коркунуч таандык. «Коркунуч» түшүнүгү — бул эркиндикке карама-каршы коюлган бытие, бытиенин, бар болуп жашап туруунун алгачкы мүнөздөмөсү. Коркунуч инсандын маңызын, анын өлүмгө бетме бет турган эркиндигин билдирет. Коркунуч — бул өтө интимдүү ой-санаа, инсандын жалган эмес чыныгы жашап тургандыгы болуп саналат. Чыныгы жашоону (истинное существование) инсан башка бирөөгө айта албайт, ал эми чыныгы эмес жашоону башка бирөөлөргө айтып, бөлүшө алат. Мына ошентип, Кьеркегордун сапаттык диалектикасы инсандын иррационалдык мазмунун аныктап, аны рационалдуу мазмунга карама-каршы коёт. Инсандын негизи анын ой жүгүртүүгө болбой турган ирранционалдуу мазмуну катарында көрүнөт.

Кудай жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кьеркегор үчүн сапаттык диалектика — инсанды Кудай менен байланыштыра турган каражат, анткени инсан Кудайга болгон мамиле аркылуу өзүн сактап турат. Адам Кудайга алып баруучу жолдо жашоонун үч баскычын басып өтөт: эстетикалык баскычта адам минуталарга гана созулган ой-санаалар менен жашайт; этикалык баскычта ал келечек жөнүндөгү камкордук, ой-санаалар менен жашайт, ал эми диний баскычта адам түбөлүктүүлүктү сезүү менен жашайт. «Адам түздөн түз эмненин жардамы менен адам болуп турган болсо, ошону эстетикалык башталыш деп атаса болот; ал эми этикалык деп адамды адам кыла турган нерселерди айтабыз». Эстетикалык баскычта адам эмне кыларын билбей үмүтү үзүлгөндө жана канаттанбагандыкка тушукканда өзүнүн жашап бар болуп турушунун түпкү акыйкатын таанып-билүүдөн жана ал акыйкатка ээ болуудан баш тартат да, муну менен ал эмоционалдык ырахаттануунун толук жана күчтүү таасирин башынан өткөрөт. Бирок бул баскычта чыныгы үмүт үзүүчүлүк али жок. Бул үмүт үзүүчүлүк адамды диний баскычка алып келет, бул баскычта адам өзүнүн керт башынын диний маанисин баамдап түшүнөт.

Кьеркегор тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин да бир нече ондогон жылдар белгисиз бойдон калган. XX кылымда, 20-жылдардан тартып ага экзистенциализм, ошондой эле протестанттык диалек- тикалык теология кайрыла баштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]