Күрддөр

Википедия дан
Күрттөр‎»‎ барагынан багытталды)

Күрддөр (өздөрүн күрд, курманж деп аташат) — Батыш Азиядагы эл, Күрдстандын негизги калкы. Түркия, Иран, Ирак, Сирия, ошондой эле Армения, Грузия, Казакстан, Азербайжан, Ливан, Афганстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Германия, Франция, Нидерланд, Швейцария, Австрия, Белгия, Россияда да жашашат. Жалпы саны 35 млнго жакын киши (2009). Күрд тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көпчүлүгү мусулмансунниттер, башка дин туткандары да бар. 14-18-кылымда Күрддөр Иран жана Осмон империясына көз каранды болгон. Осмон империясы кулагандан кийин, ага тиешелүү Күрддөрдүн аймактары Түркия, Ирак, Сирия мамлекеттерине өткөн. Натыйжада Түркия, Ирак, Сирия, Иранда К. улуттук дискриминацияга кабылган. Күрдстанда улуттук-маданий укуктары үчүн Күрддөрдүн көтөрүлүштөрү болуп турган. 19-кылымдын аягында миграция процесси күч алып, Түркия жана Ирандан Күрддөр Закавказьеге көчүрүлгөн. Күрддөр Армения, Азербайжан (1937) жана Грузиядан (1944) Казакстанга, Орто Азияга депортацияланган. СССР кулагандан кийин Казакстан, Орто Азия жана Закавказьедеги Күрддөр Краснодар жана Ставрополь крайларынын алыскы райондоруна, Ростов облусуна жана Адыгэ Республикасына көчүп кетишкен. Күрддөр дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенип, дубалы топурактан же таштан тургузулган, бир же эки кабаттуу үйлөрдө, көчмөндөрү – жайкысын чатыр, кышкысын жер төлөлөрдө жашаган. Эркектери чалбар (көлбөйгөн кең шым), көкүрөк жагы ачык, узун жеңдүү көйнөк, түйүлгөн чыптама, суукта кийиз же жүндөн даярдалган кийим кийип, белине кур байлап, канжар тагынган. Аялдар кездеме чалбар, узун көйнөк, чыптама кийип, кур курчанган. Тамак-ашы — негизинен эт, сүт, дан азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]