Мазмунга өтүү

Лао-цзы

Википедия дан
Лао-Цзы‎»‎ барагынан багытталды)
Лао-цзы

Лао-цзы (б.з.ч. VI-V кк.) - байыркы кытай философу. «Лао-цзы» (байыркы аталышы – «Дао дэ цзин», биздин заманга чейин 4–3-кылым) аттуу философиялык трактаттын автору. Бул чыгармада философиялык доктрина – даосизм баяндалат. Даосизмге ылайык табият, адам жана коом табигый дао мыйзамына баш иет. Абаны, эфирди билдирүүчү ли маңызы менен дао биригип, дүйнөнүн негизин түзөт.

Уламыштарга караганда Конфуцийдин учурунда жашаган. "Лао-цзы" (кийинчирээк ал "Дао дэ цзин" деп аталган) деген трактатты ага таандык кылышат, бул трактат кийинчерээк, мүмкүн анын шакирттери жана жолун жолдоочулары тарабынан жазылса керек. Трактатта даосизм деп аталган доктрина баяндалат.

Л-га ылайык, жаратылыш, адамдардын жашоо-турмушу жана коом даого, бардык нерселердин мыйзамына, баш ийет жана ли субстанциясы (аба, эфир) менен бирдикте дүйнөнүн негизин жаратат.

Дүйнөдө түбөлүктүү жана өзгөрүлбөс эч нерсе жок, анткени бардыгы жолдо агылып турат, бардыгы кыймылда болуп өзгөрүлөт, бардыгы өнүгөт жана жаңырат.

Инь жана ян принциптерине ылайык нерселер дайыма өздөрүнүн карама-каршылыгына тынымсыз өтүп турат. Инь - бул терстик, түнттүк, аялжандуулук, пассивдүүлүк, начардык. Ян - бул оң касиет, жаркын эркекжандуулук, активдүүлүк, күчтүүлүк. Инь жана ян - булар өзүнчө бир күчтөр, алар бир бүтүндүктү түзөт, бирок ошол эле убакта өз ара аракетте жана карама-каршылыкта турат. Эки карама-каршы күчтөрдүн инь менен яндын күрөшү айлана-чөйрөдөгү дүйнөнүн кыймылынын булагы катарында каралган. Инь менен яндын күрөшүндө дао көрүнөт.

Эгерде дао мыйзамы бузулса, бактысыздык башка түшөт, адамдар дао мыйзамын бузбашы керек, ошондуктан алар аракетте эмес, бейпилдикке умтулууга тийиш.

Л-нын пикири боюнча, адамдын иш аракети аны дүйнө менен карама-каршылыкка алып келет, ошондуктан ал "ар нерсенин өз жолу бар, ага кийлигишпөө керек" деген теорияны үгүттөйт. Күрөшүү керек эмес, алгачкы коомдогу жөнөкөй, табигый турмушка кайрылып келүү керек.

"Эгерде кимдир бирөө дүйнөнү ээлеп алып, көз жазгырмачылыкка барса, анын иши оңунан чыкпайт. Анткени дүйнө дегенибиз - бул ыйык идиш, аны менен көз жаздырып ойноого болбойт. Эгерде кимдир бирөө аны ээлеп алгысы келсе, аны жоготуп жиберет".

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 204,I0SBN 9967-14-020-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7