Левитан, Исаак Ильич

Wikipedia дан

Левитан, Исаак Ильич (1860, Литва – 1900, Москва) – орус живописчи-пейзажчысы. 1873-85-ж. Москва живопись, скульптура жана архитектура окуу жайында А. К. Саврасов менен В. Д. Поленовдон таалим алган. 1891-ж. көчмө сүрөтчүлөр шериктештигине, 1897-ж. “Мюнхен Сецессион” көркөм сүрөт бирикмесине мүчө. Крымда (1886, 1889), Финляндияда (1896), Италияда жана Францияда (1890, 1894) иштеген. Адегенде Л. пленэр живописинен таасирленип, натурадан тартууну кылдат үйрөнүп, кадыресе көрүнүштөрдү поэтикалаштыруучу чебер болгон. 1880-жылдан табият менен атмосферанын назик дүйнөсүн кең мааниде ачууга, образды эмоциялуу берүүгө (“Сокольники. Күздүн күнү”, 1879) умтулган. Чыгармачылыгындагы негизги теманын бири – Волга мейкинине “Волга кечи” (1888), “Алтын сайроон. Иңир”, “Сайроон. Жамгырдан кийин” (1889) жана башка арнаган. Интонациялык түзүлүшү жагынан “Кечки жылаажын”, “Көк ирим жээкте” (1892) аттуу чыгармалары А. П. Чеховдун лирикалык прозасына үндөш. 1880–90-ж. “Кайың токою”, “Март” аттуу сүрөттөрүндө импрессионизмдин таасирлери байкалат. Белгилүү эмгектери: “Волга. Керимсел” (1891–95), “Алтын күз” (1895), “Күүгүм. Чөмөлө” (1899), “Жайкы кеч” (1900) – баары Третьяков галереясында. Акыркы эмгеги – “Орус жери. Көл” (1900) сүрөтчүнүн ата журтунун эпикалык арым менен иштелген монументтүү символу. Л-дын искусствосу орус пейзаж живописинин өнүгүшүндө өзүнчө мектепти түзүп, кийинки муундун пейзажчы-сүрөтчүлөрүнө зор таасир тийгизди.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]