Лина Хиди

Википедия дан
Лена Хэди‎»‎ барагынан багытталды)
Лина Хиди
англ. Lena Headey
Файл:Туурасы=
Хиди 2014-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Лина Кэтрен Хиди

Туулган датасы:

3 -октябрь 1973(1973-10-03) (50 жаш)

Туулган жери:

Гамильтон, Бермудалар

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1992 — азыркы учур

IMDb:

ID 0372176

Ли́на Кэ́трен Хи́ди (англ. Lena Kathren Headey; 3-октябрь 1973, Гамильтон, Бермудалар) — англиялык актриса, үн коштоочу жана продюсер.

17 жашында скаут болгондон кийин, 1990-жылдары кичинекей ролдорду жана экинчи пландагы ролдорду аткаруу менен актерлук кесибин баштаган. Ал эми атактуулукка фэнтези тасма "Гримм ага-инилер" (анг. The Brothers Grimm, 2005), "300" (2007), "Жоржия, Спартанын канышасы" (анг. Gorgo, Queen of Spartа) жана "Кызыл барон" (анг. The Red Baron, 2008) тасмаларында тартылуудан кийин жеткен.

Хэди 2011-жылдан бери HBO телеканалында көрсөтүлүп келген "Тактылар оюну" (анг. Game of Thrones) телесериалында Серсей Ланнистердин ролу менен кеңири таанымал. Бул ролу үчүн 2014-2016 жылдары катары менен сариал категориясында "Emmy" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына үч жолу жана 2016-жылы сериалдар, кыска сериалдар жана телеберүү категориясында "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. 2017-жылы Хэди "Тактылар оюну" телесериалынын ар бир эпизоду үчүн 2 миллион фунт тапкандыгы үчүн эң көп төлөнгөн актерлордун бирин толуктаган. Ал ошондой эле Фокс тарткан "Терминатор: Сара Коннордун хроникалары" (анг. Terminator: The Sarah Connor Chronicles) тасмасында Сара Коннордун ролун жана "Дред" (анг. Dredd) тасмасында баңги боссу Маделин "Ма-ма" Мадригалдын ролун аткарган.

The Global Times жүргүзгөн интернет добуш берүүсүнө ылайык көрүүчүлөрдүн көбү режиссер Жеймс Хоң тарткан "Акыркы сеанс" (анг.The Last Seance ) аттуу тасма жана телесериал адаптациясындагы эң сүйүктүү каарманы Хэдиге добуш беришкен.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]