Евгений Леонов

Википедия дан
Леонов Евгений Павлович‎»‎ барагынан багытталды)

Леонов Евгений Павлович (2. 9. 1926, Москва – 29. 1. 1994, ошол эле жер) – орус актёру, СССР эл артисти (1978). 1947-ж. Москвадагы театр студиясын бүтүргөн. 1948–68-жылдары Москвадагы К. С. Станиславский атындагы драма театрында, Вл. Маяковский атындагы театрда 1968–72-ж. иштеген. Леонов диапазону кеңири ролдорду аткарып, ишенимдүү образдарды жараткан: Ванюшин (С. А. Найдёнов, «Ванюшиндин балдары»), Санчо Панса (Д. Вессерман жана Ж. Дериона, музыкасы М. Линики, «Ламанчтан келген адам») жана башка 1974–90-ж. Ленин комсомолу атындагы театрда иштеген. Ивановдун (А. П. Чехов, «Иванов»), Вожактын (В. В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Тевьенин (Г. И. Горин, «Эскерип сыйынуу»; РФтин мамлекеттик сыйлыгы, 1992) образдарын жеткиликтүү, терең ачып берген. Кинодо 1947– 60-жылдардын ортосунда көбүнчө трагикомедияга басым жасаган: реж. Г. Н. Данелиянын «Отуз үч», «Афоня», «Күзгү марафон» (РСФСР Мамлекеттик сыйлыгы, 1981), «Кин-дза-дза», «Настя» жана башка, Э. А. Рязановдун, В. В. Мельниковдун, М. А. Захаровдун фильмдеринде кейипкерлердин мүнөзүн ар тараптуу ачып, зор чеберчиликте ойногон. Фильмдердеги эң көрүнүктүү ролдору: Приходько («Белорус вокзалы», 1971), Коля («Афоня», 1975), Көз боочу («Жангын, жангын менин жылдызым» 1970), Потапов («Сыйлык», 1975; СССР Мамлекеттик сыйлыгы, 1976). «Винни-Пух» анимациялык фильмин үн менен коштоого катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7