Липецк

Википедия дан
Липецк шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Липецк.

ЛипецкОрусиядагы шаар (1779-жылдан). Липецк облусунун административдик борбору. Воронеж дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 502,5 миң (2010). Темир жол бекети. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 13-кылымдан белгилүү. Шаарда жылына 2–4 жолу жайма базар болуп турган. Байыркы Успение (17-к.), Троица (1850) чиркөөлөрү, сааты бар мунаралуу соборлор жана башкалар сакталган. Кара металлургия (ири ишканасы: Жаңы Липецк металлургия комбинаты), тамак-аш (негизинен консервалар), машина куруу жана металл иштетүү («Липецк трактор кураштыруу заводу» АК, «СТИНОЛ Муздаткычтар заводу» ЖАК, «Липецк станокзаводу» ААК), электр-энергетика, курулуш материалдар, химия, тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары иштейт. ИИИлер, университеттер, институттар, китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), 2 театр, музейлер (анын ичинде край таануу), Г. В. Плехановдун үй-музейи бар. Дары-баткак курорту иштейт (1803).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7