Лондон Жэк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Лондон Жэк (чын аты-жөнү – Жон Гриффит; 12. 1. 1876, Сан-Франциско – 22. 11. 1916, Калифорния штаты, Глен-Эллен) – америкалык жазуучу. Калифорния университетинен окуган (1896–97). Түндүк турмушун көрсөткөн «Бөлтүрүк» (1900), «Ата-бабасынын кудайы» (1901), «Аяз балдары» (1902) жана башка аңгеме жыйнактары жарык көргөн. Лондон – «Кар кызы» (1902), «Бабалар үнү» (1903), «Ак азуу» (1906) жана башка романповесттердин да автору. М. Горькийдин «Фома Гордеев» романын окуган соң (1901) чыгармаларын эзилгендерди коргоо идеясында жаза баштаган. Орус революциясын кубаттап, таптык күрөш жөнүндө публицистикалык макалалар циклин («Таптар согушу», 1905; «Революция», 1910) жазган. Соңку жылдары Лондон «Жез таман» (1908), «Мартин Иден» (1909, кыргызчасы – 1977) деген романдарды, «Мезгил тынбайт» (1910), «Ай нурлуу өрөөн» (1913), «Үчөөнүн жүрөгү» (1920) жана башка чыгармаларды жараткан. «Мартин Иденде» Лондон жазуучунун «ачуу турмушту сүрөттөөгө, турмушка активдүү катышууга укуктуу экенин көрсөткөн. Лондон күжүрмөн жазуучу, тема менен форманын жаңычылы катары кирип, дүйнөлүк адабиятта баштоочулардын бири катары таанылган. Анын китептери дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. Чыгармалары: Собрание сочинений М., 1998–1999. Т. 1–20.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7