Люк Бессон

Википедия дан
Лүк Бессон‎»‎ барагынан багытталды)

Люк Бессон (фр. Luc Paul Maurice Besson; French: [ bɛsɔ]; 1959 жылдын 18-мартында туулган) - француз режиссеру, сценарист жана продюсер. Ал "Жер алдындагы өтмөк" (англ. Subway, 1985) "Достор ортосундагы жарыш" (англ. Big Blue, 1988), жана "Никита" (англ. Nikita, 1990) тасмаларында режиссер жана продюсер болгон. Бул тасмалардын баары Cinéma du look (өтө ачык визуалдык стилде) стилинде тартылган. Л. Бессон "Леон" (фр.. Léon; англ. The Professional) жана "Жанна д’Арк" (англ. The Messenger: The Story of Joan of Arc) тасмалары үчүн "Эң мыкты режиссер" жана "Эң мыкты фильм" номинацияларында Франциянын улуттук "Цезарь" сыйлыгына көрсөтүлгөн. "Бешинчи элемент" (англ. The Fifth Element, 1997) илимий-фантастикалык уруш тасмасы үчүн 1997-ж. "Эң мыкты режиссер" жана "Эң мыкты француз режиссеру" наамдарын жеңип алган. Л. Бессон 2014-жылы "Люси" (англ. Lucy) аттуу илимий фантастикалык тасманын сценарийин жазып, режиссер болгон.

1980-жылы, ал өзүнүн Les Films du Loup кино компаниясын негиздеп, кийинчереек Les Films du Dauphin (fr) компаниясын түптөгөн. 2000-жылы бул кино компаниялардын ордуна өзүнүн узак убакыттан бери кызматташып келаткан кесиптеши Пьер-Анж Ле Погам менен бирдикте "EuropaCorp" кино корпорациясын негиздеген. Сценарий жазуучусу, режиссер жана продюсер катары Л. Бессон элүүдөн ашуун тасманын жаралышына катышкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]