Манас (философия)

Википедия дан
МАНАС‎»‎ барагынан багытталды)

Манас (санскритче – акыл) – байыркы Индия философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири; бардык менталдык болгон нерселерди камтуучу эң кеңири маанидеги акыл; сезүү органдары аркылуу кабыл алынуучу таасирлерди түшүнүүгө, б. а. ой жүгүртүүгө жана ушул таасирлерге жооп берүүгө жөндөмдүү интеллект; кабылдоо, сезим, аң-сезим, эрк; кабылдоонун жана таанып билүүнүн ички органы; анын жардамы менен ой жүгүртүү келип чыгуучу аспап (жөндөмдүүлүк), ал эми кабылдоо объектилери жан дүйнөгө таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8