Турусбек Мадылбай

Википедия дан
Мадылбаев Турусбек (Турусбек Мадылбай)‎»‎ барагынан багытталды)

Турусбек Мадылбай (Мадылбаев Турусбек) – жазуучу. Токтогул районунун Кара-Тектир кыштагында 1957-жылдын 19-апрелинде туулган. 1964–74-жж. Токтогул атындагы орто мектебинен билим алган. 1974–1975-жж. Токтогул райондук ветстанциясында веттехник, курулуш-та жумушчу болуп эмгектенген.

1975–1980-жж. Ростов мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. 1980–1992-жж. Токтогул районундагы Ыбыш, Токтогул, Бримкулов атындагы мектептерде орус, англис тили жана адабияты сабактарынан мугалим болуп иштеген.

1992–1994-жж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуган. Ошол эле учур-да Москванын №1060 мектебинде орус тилден мугалими жана «Кыргыз руху» гезитинин Москва боюнча кабарчысы болгон. 1994–1998-жж. «Кыргыз руху» гезитинин жооптуу катчысы, 1999–2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улук кеңешчи, 2000–2008-жж. «Эл үнү» гезитинин башкы редактору, Токтогул району боюнча кабарчысы болуп иштеген. Азыркы учурда «Кыргызстандын жаңы адабияты» журналынын редактору.

1973-жылы ырлар түрмөгү үчүн Эл аралык студенттер уюмунун, Чили элинин сыйлыктарын утуп алган. Чыгармалары гезит-журналдарда кыргыз жана орус тилдеринде чыгып келет.

1986-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин мыкты фантастикалык аңгемелерге уюштурган сынагында Баш байгени жеңип алган. 1997-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун мыкты саясий макалалар сынагынын, 2005-жылы мыкты тарыхый макалалар сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Эл аралык «Русская премия» сыйлыгынын (Москва) лауреаты, 2008-жылы Эл аралык «Добрая лира» сыйлыгын (Санкт-Петербург) жеңип алган.

Чыгармалары антологияда, ар кандай жыйнактарда Кыргызстанда, Россияда кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыккан. «Муз сепил», «Пелорус-Жек» чыгар-малары «Кыргызстан маданияты» гезитинде жана «Ала-Тоо» журналында, «Розовый домик с геранью на окне» чыгармасы «Эридиана» журналында Бишкекте, «Страдания юного Берди» чыгармасы «Сборник произведений лауретов премии «Добрая лира» китебинде Санкт-Петербургда жарык көргөн.

Ал англис тилинен «Атактуу аялдар», «Том Сойердин окуялары» чыгармаларын, Ги де Мопассандын аңгемелерин, француз тилинен Пол Верлендин ырларын, италия тилинен «Белгилүү адамдардын турмушунан» ж. б. которгон.

Орус, англис, француз, испан, итальян, португал, түрк ж. б. тилдерден көркөм чыгарма, макалаларды кыргыз тилине которо билет.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Дубал. – Б., 1989.
  • Асыл адамга гүлчамбар. – Б., 2003.
  • Келишчи эле мектепке ээрчишип. – Б., 2004.
  • Кетмен-Төбө (3 том). – Б., 2002–2007.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Феникс. – 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]