Маймылдар

Wikipedia дан
Hylobates lar.

Маймылдар (лат. Simia жана Anthropoidea) – сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү түркүмчөсү. Алардын мээси чоң жана бырыштуу; манжалары кармоого ылайыктанган, жыт сезүү органдары – начар, көрүү жана угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Маймылдар кең таноолуу жана тар таноолу маймылдарга бөлүнөт. Кең таноолуу маймылдар анча чоң эмес, узун куйруктуу, мурун көңдөйүнүн тосмосу жазы келип, таноосу эки жакты карап турат. Алар 2 тукумга (ойнооктор жана жармашкыч куйруктуулар) бөлүнөт. Түндүк Америкада жашайт. Тар таноолуу маймылдын мурун көңдөйүнүн тосмосу кууш болуп, таноолору төмөн карайт. Колунун бармагы башка манжаларына карама-каршы жайгашкан. Алар 4 тукумга (мартышка сымалдар, гиббондор, киши сымал маймылдар жана гоминиддер) бөлүнөт. Мартышка сымалдардын куйругу узун жана көчүгү чор, мээси анча чоң эмес. Бул тукум 20дай урууну бириктирет. Гиббондор даракта жашоочу орто чоңдуктагы маймыл, колу узун, куйругу жок. Киши сымал маймыл татаал түзүлүштүү, куйругу жана көчүк чору жок. Буту, колу жакшы өөрчүгөн. Буга орангутан, шимпанзе, горилла кирет. Аларда колунун баш бармагы кыскарып, бутунун бармагы, мимикалык булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Тиши кишиникиндей, көбүнүн карыны жөнөкөй, бардык маймылда сокур ичеги бар. Алакан жана таманынын терисинде сезгич издери болот. Көпчүлүк маймылдар топтошуп даракта жармашып жашайт. Кээ бири гана тиричилигин жерде өткөрөт. Өсүмдүк мөмөсү, жалбырагы, жаш бутагы, курт-кумурска, үлүл, куш жумурткасы жана майда куштар менен азыктанат. Кең таноолуу жана ит сымал маймыл – 5 ай, гиббондор – 210, киши сымал маймыл 235–275 күн көтөрүп, бир бала тууйт. Майда маймыл 3–5 жашында жыныстык жактан жетилип, 20–25 жыл жашайт. Маймыл зоопарк жана лаборатория үчүн кармалат. Биологиялык жана медициналык эксперимент үчүн объект катары чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]