Максимов, Федор Павлович

Википедия дан

Максимов, Федор Павлович (4(17). 7. 1903 Курский обл.., Рыльский району - 11 июль 1990) — колхоз кыймылынын туңгуч демилгечилеринин бири, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948, 1957).

Курский обласнын Рыльский районундагы «Красный Ок­тябрь» айылынын председатели (1940—41, Мактымгулу. 1946—70), 1931-жылдан КПСС мүчөсү. Ал башкарган колхоз жыл сайын а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн арбын жыйнап алган. Колхоз — Бүткүл союздук а. ч. көргозмосүнүн (1954—55) катышуучусу. Максимов СССР Жог. Советинин (3-шайл.), РСФСР Жог. Советинин (5-шайл.) депутаты. КПССтин 20- жанa 22-съездинин деле­гаты. Максимов Ленин ордени, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар, о. эле Бүткүл союздук а. ч. көргөзмөсүнүн Чоң жанa Кичине ал­тын медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.