Мамиле (философия)

Википедия дан
Мамиле(философия)‎»‎ барагынан багытталды)

Мамиле – элементтердин белгилүү бир система боюнча жайгашканын жана бири-бирине көз карандылыгын туюндурган философиялык категория; адамдын бир нерсеге карата эмоциялык-эрктик позициясы; ар кандай объектилердин же бир объекттин ар кыл жактарын ойдо салыштырып кароо. Диалектикалык материализм мамиле объективдүү жана универсалдуу мүнөзгө ээ, дүйнөдө башка буюмдар жана касиеттер менен эсепсиз байланышта жана карым-катнашта турган буюмдар, алардын касиеттери жана мамилелери гана бар деп эсептейт.

Мамиле тийиштүү элементтердин ар кайсы деңгээлдеги татаал системасын түзөт. Буга мыйзам мисал боло алат. Мамиле буюмдардын сапаттары менен белгилеринин ролун да аткара алат. Коомдук Мамилелердин өзгөчө тибин түзөт. Изилдөөнүн системалык методунун ролу жогорулаган сайын мамиле категориясы илимий зор мааниге ээ болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8