Математикалык анализ
Математикалык анализ – математиканын функцияны диференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн методдору менен изилдөөчү бөлүмү. Математикалык анализ функцияны пределдер методдору менен да изилдейт. Математикалык анализ курсун франциялык илимпоз О. Коши предел түшүнүгү боюнча негиздеген. Математикалык анализге математиканын дифференциал эсептөөлөр, интеграл эсептөөлөр, чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориялары, кадимки жана айрым туундулуу дифференциал теңдемелер теориялары, интегралдык теңдемелер теориясы, жакындаштыруу теориясы, дифференциал геометрия ж. б. кирет. Азыркы сандар теориясы жана ыктымалдык теориясы да математикалык анализдин методдорун колдонуу менен өркүндөтүлүп жатат. Классикалык математикалык анализдин нагыз уландысы – функциялык анализ. Ага вариациялык эсептөө жана интегралдык теңдемелер теориялары да кирет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7