Ги де Мопассан

Википедия дан
Мопассан Ги‎»‎ барагынан багытталды)

Мопассан Ги (толук аты – Анри Рене Альбер ги) де (5. 8. 1850, Турвиля-сюр-Аркка жакын Миромениль замогу – 6. 7. 1893, Париж) – француз жазуучусу. 1870–71-жылы Руан лицейинде окуган. 1870–71-жылы Франция-Пруссия согушуна катышкан . Чыгармачылыгына Г. Флобер, И. С. Тургенев, О. Бальзактын чыгармалары зор таасир тийгизген. Адабиятта Мопассан 19-кылымдын аяк чениндеги сын реализмин улантуучу катары таанылган. 80-жылдардагы новеллаларында («Айым Фифи», 1882; «Рондолинин жерлери», 1884 жана башкалар) буржуазиянын рухий кедеринин кеткенин келекелеген. Новеллаларындагы бул тема «Дүйнө-өмүр» (1883) романында айрыкча айкын иштелген. Мопассандын Франция-Пруссия согушу жөнүндөгү новеллалар циклинде элдин патриотизми, оокаттуу таптын эгоизми, эки жүздүүлүгү көрсөтүлөт. Буга «Май болпоч» (1880) новелласы жакшы мисал. Мопассан – «Жан досум» (1885), «Монт-Ориоль» (1887) романдарынын автору. Мопассандын чыгармаларын И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, М. Горький жогору баалаган. «Вил дос» романы (1982), Ж. Абаев, башка айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]