Вольфганг Амадей Моцарт
Моцарт Вольфганг Амадей (27. 1. 1756, Зальцбург – 5. 12. 1791, Вена) – австрия композитору, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү. Скрипач жана композитор Леопольд Моцарттын уулу жана шакирти. Моцарт 4 жашынан клавесинде ойноп, 5 жашынан музыка чыгарган (8–9 жашында симфония, 10–11 жашында музыкалык театр үчүн чыгарма). 1762-жылы пианист эжелери (Мария, Анна) менен Германия, Австрия, Франция, Швейцарияда болуп, пианист, скрипач, органист, ырчы катары концерт берген. 1779–81-жылы Зальцбург князь-архиепискобунун сарайында органист, 1770-жылы Болонья Филармония академиясынын мүчөсү болгон. Академиянын жетекчиси жана башкалар. Мартиниден композиция боюнча сабак алып, Рим папасынын Алтын текөөр ордени менен сыйланган. 19 жашында 10 музыкалык-сахналык чыгарма (оратория, музыкалык комедия, опера), 2 кантата, бир нече симфония, квартет, соната жана башка жараткан. Миланда өзүнүн «Митридат – понт падышасы» операсына дирижёрлук кылган. 1781-жылдан Венада жашап, «Театр директору», «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786), «Дон Жуан» (1787), «Сыйкырдуу чоор» (1791) жана башкалар. операларды жазган. Моцарт – 600дөн ашык чыгарманын – 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 аспаптык квартет), оркестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепиано үчүн 21, скрипка жана фортепиано үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, ырлар жана башкалар. чыгармалардын автору. Композитордун туулган жери Зальцбургда Эл аралык «Моцартеум» (1880-жылы уюшулган) мекемеси башында турган агартуу, ил-из., окуу жана башкалар. тармактар түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7