Моңгол каратуулары (13-кылым)

Википедия дан

Моңгол каратуулары (13-кылым) – Азия жана Чыгыш Европа элдерин талап-тоноо, кул кылуу жана алардан согуш олжолорун алуу үчүн моңгол феодалдары уюштурган казаттар. Моңгол каратуулары 1207-жылы башталып, анча-мынча тыныгуулар менен 13-кылымдын аягына чейин созулган. 1207–19-жылы Сибирь, Чыгыш Түркстан жана Чыгыш Кытай аймагын, 1221-жылы Орто Азияны басып алып, Ирандын түндүгү менен өтүп, Закавказьеге (Грузия, Азербайжан) кол салган. Каспий деңизинин жээги менен (1222) алан жерине кирип, аларды талкалап, кыпчак талаасына чыккан. 1223-жылы 31-майда Калка дарыясында салгылашта моңгол отряды биргелешкен орус-кыпчак аскерин жеңип, Днепр дарыясына чейин аларды кууп барган. Андан кайра тартып, Волганын ортонку агымынын боюна келген, бирок Волга-Кама Болгариясынан сокку жеп, Моңголияга (1224) кайра келген. 1229-жылы курултайда Үгөдөй хандыкка шайлангандан кийин Моңгол каратуулары эки багытта жүргүзүлгөн. Чыгышта Түндүк Кытай (1231–34), Кореянын көп бөлүгү (1273), батышта 1237–41-жылы орус шаарлары (Рязань, Владимир, Ростов, Углич, Ярославль, Кострома, Кашин, Кснятин, Городец, Галич-Мерский, Переяславль-Зелесский, Юрьев, Дмитров, Волок-Ламский, Тверь, Торжок, Киев, Владимир Волынский, Галич) Моңголия каратылган. 1241-жылы жазында моңгол армиясы орустардын, чыгыш европа элдеринин баатырдык каршылыктарынан абдан начарлаган, бирок батышты көздөй көшөрүп жыла берген. Батыйдын негизги күчү Карпаттан өтүп, Венгрияга, Польшага (1241) кол салган, бирок Босния, Сербия жана Болгария аркылуу чегинүүгө аргасыз болуп, андан ары Борбордук Европага кол салуусу токтогон (1242). Кичи Азия жана Жакынкы Чыгышта моңгол каратуулары бир кыйла узакка созулган. Закавказьени (1236), Хулагу менен Кош өзөн аралыгын (1256), Багдадды (1258) караткан. Моңгол аскерлери Сирияга кирип, Египетке кол салууга камынган, бирок 1260-жылы Египет султанынан сокку жеп, батыштагы Моңгол каратуулары аяктаган. 13-кылымдын 2-жарымында моңголдор Чыгыш жана ТүштүкЧыгыш Азия өлкөлөрүнө бет алган. 13-кылымдын 70-жылдарында Хубилай (Чынгызхандын иниси) Түштүк Кытайды басып алып, Юань империясын негиздеп, Кытайды Улуу хан жана император катары башкарган. Бирок бирдиктүү экономикалыкбазасы жок жана ички карама-каршылыктары ырбаган Монгол империясы начарлай баштаган. 1351-жылы монголдорго каршы көтөрүлүштө Юань империясын талкалап (1368), Кытай Моңголиядан бөлүнгөн. Куликовдогу салгылашуу (1380) Русту моңгол-татар эзүүсүнөн бошотуунун башталышы болгон. 14-кылымдын 2-жарымында моңголдор Ирандагы, Закавказьедеги, Орто Азиядагы үстөмдүгүнөн ажырап, 14-кылымдын акыркы чейрегинде Моңгол империясы толук кулаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]