Мугалим мөңгүсү

Википедия дан
Мугалим,мөңгүсү‎»‎ барагынан багытталды)

Мугалим мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү Ала-Арча суусунун алабындажайгашкан. Уз. 6,2 км, аянты 4,4 км2, анын 0,6 км2 калың морена менен капталган. Башы деңиз деңгели 4840 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4140 м. Өткөн мезгилде Аксай мөңгүсүнүн оң кура-мы болгон; муз эрип чегинүүдөн өзүнчө мөңгүгө айланган. Азыр эки мөңгүнүн ор-тосунда корум таштар жатат. Фирн облусу Аламүдүн чокусунун (4895 м) түн. капта-лынан башталат. Мөңгүдөн башталган суу Аларчанын оң куймасы – Аксайга куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]