Муканбетов, Экия

Википедия дан
Муканбетов Экия

Муканбетов Экия-обончу, ырчы жана актёр Түп районунун Талды-Суу айылында 1933-жылы комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. Э.Муканбетовдун ырчылык, комузчулук жана актёрдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле башталган.
Ал 1954–1960-жж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеп, комузчу-аткаруучу катары К.Орозовдун «Ибарат», Ы.Тумановдун «Жаш тилек», Т.Сатылгановдун «Чоң кербез» күүлөрүн жана комузчулар ансамблинде А.Огомбаевдин «Маш ботой», Айдараалынын «Көйрөң күү», Т.Сатылгановдун «Чайкама» ж.б. күүлөрдү аткарган. 1960–1975-жж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп иштеген.
Анын нукура элдик куудулдук шыгы Р.Шүкүрбековдун «Келип кетти», «Ашка жүк, башка жүк», «Калпак» жана өзүнүн «Кулдураса эле куран болот тура» деген интермедияларында таасын көрүнөт.
Ал актер катары Ырчынын (К.Жантөшев, «Курманбек»), Айдайболдун (А.Тажибаев «Жалгыз дарак токой болбойт»), Касымдын (Ш.Бейшеналиев, «Тоо койнундагы гүл»), Кодор, Молдосандын (А.Токомбаев, «Тергөө жүрүп жатат», «Өлбөстүн үрөнү»), Иуданын (Т.Шевченко, «Назар Стодоля»), Алисевдин (М.Ибрагимов, «Элет кызы»), Майрыктын (Ч.Айтматов, «Биринчи мугалим»), Шаршендин (К.Маликов, «Осмонкул»), Шаршендин (Ж.Садыков, «Күйөө жолдош») ж.б. ролдорун аткарган.
Ал лирикалык жана балдарга арналган обондорду чыгарган.
Анын ысмы өзү туулган айылдагы көчөгө берилген.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Айдайлы жашоо кемесин» с. К.Акаевдики
  • «Кой, кой жигит» с. М.Буларкиеваныкы
  • «Айтылбай ичте сыр калат» с. Ж.Садыковдуку
  • «Казак кызына» с. Э.Узакбаевдики
  • «Кызгалдак» с. К.Жуманазаровдуку
  • «Кыялдануу» с. Ш.Бейшеналиевдики
  • «Кыялым менин кызыл гүл» с. Э.Турсуновдуку
  • «Өчпөсүн менин үмүтүм» с. К.Жуманазаровдуку
  • «Сайрагүл» с. А.Кыдыровдуку
  • «Учканбыз бирге уядан» с. А.Байсалбаевдики
  • «Эмне артык» с. Ж.Молдалиевдики ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өчпөсүн менин үмүтүм (К.Жуманазаров), Сүйүүнүн кызыл желеги (А.Кыдыров) – Ч.Жумагулова, Тоо кызынын ыры (Э.Турсунов) – Ш.Кырбашова. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035857 58 005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]