Мультипликациялык фильм

Википедия дан
Мультипликация‎»‎ барагынан багытталды)

Мультипликациялык фильм – кино искусствосунун бир түрү; мында кино үчүн тартылган сүрөттөрдү (графикалык мультипликация) же атайын жасалган куурчактардын ырааттуу кыймылын киного тартуу менен (көлөмдүү мультипликация) чыгарма түзүлөт. Графикалык мультипликация чындыкты элестетүүнүн өзгөчө шарттуу формасы болуу менен, фантазиялуу окуяны жана болмушту өз алдынча таасирдүү элес түрүндө көрсөтө алат. Мультипликациялык фильмдин көркөм каражаттары өтө курч фольклор, сатира, притчага өзгөчө жакын. Мурда фильмдин сүрөттөрү жана жазылуучу сөздөр мультипликация станогу менен тартылган. Ал станоктун эң жөнөкөй түрү вертикаль станинадан жана кыймылдуу столдон турат. Автоматташтырылган станоктун конструкциясы да ушул сыяктуу, бирок анда бардык кыймыл электр кыймылга келтиргичи менен башкарылган. Учурда мультипликациялык фильмди тартууда заманбап техникалар: компьютер, цифралык фотоаппарат, компьютердик программа (вектордук, фракталдык жана үч өлчөмдүү – 3D), графика колдонулат, к. Анимациялык кино.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]